Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИК БЕЛОРУС ОППОЗИЦИЯСЫНА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ


Белорус оппозициясынын ана башы жана президенттикке талапкер Александр Милинкевич дүйшөмбү күнү Брюсселде Евробримдиктин тышкы иштер министрлери жана башка ырасмий адамдар менен кездешти. Министрлер Белоруста 19-мартта болчу президенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУнун байкоочуларын чакыруу жөнүндөгү президент Лукашенконун сунушун колдошту. Бирок, шайлоо эркин жана калыс өтпөсө, ал үчүн жооптуу кызмат адамдарына каршы тийиштүү чаралар көрүлөт деп эскертти.

Евробримдик Белорус оппозициясынын ана башы Александр Милинкевичке эбегейсиз саясый колдоо көрсөттү. Ал Биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана, Тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер жана Европарламенттин төрагасы Жозеф Боррел менен жолугушту. Эң маанилүүсү-Милинкевич жарым саат бою биримдикке мүчө 25 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен баарлашты. Мындай сый-урматка буга чейин бир да оппозиционер татыктуу болгон эмес. Бул кездешүүлөргө бир да журналист катыштырылбады.

Министрлер Милинкевич менен болгон кездешүүнүн натыйжасында билдирүү жасап, 19-марттагы президенттик шайлоо эркин жана адилет өтпөсө, Белорус жетекчилигине каршы катаал чара колдоно турганын эскертти. Алгач мындай эскертүү былтыр ноябрда жасалган.

Соңку билдирүүнүн маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Шайлоо эл аралык, айрыкча, ЕККУнун стандарттарына ылайык өтпөсө, Брюссель “тийиштүү адамдарга” карата чара көрөт же шайлоого баа берүүдө ЕККУнун байкоочуларына жасалган мамилеге өзгөчө көңүл бурулат. Муну Евросоюздун азрыкы төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник айым да Милинкевич менен болгон сүйлөшүүдөн кийин ачык айтты:

-ЕККУ шайлоого байкоочулук кылууга чакырылган соң, биз алардын байкоочулук миссиясын аткарууга эч кандай тоскоолдуктар болбойт деп күтөбүз.

Евросоюз мурда Белорус оппозициясынын башчылары дайынсыз жоголгондо, аларды издөөгө мүмкүндүк берилбегенде, демонстранттарга айоосуз мамиле жасалганда, чоң кызматтагы адамдардын бир тобунун биримдикке мүчө өлкөлөргө баруусуна тыйуу салган.

Евробримдик дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Белорус бийликтеринен бардык талапкерлер өкмөттүк маалымат каражаттарын бирдей пайдалануусун, шайлоо өнөктүгүн эркин өткөрүүсүнө шарт түзүүнү, жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын саясый өнөктүктү эркин чагылдыруусуна мүмкүндүк берүүнү да талап кылды.

Александр Милинкевич биримдиктин тышкы иштер министрлерин Белорустагы кырдаал менен түздөн түз тааныштырып, зор кызмат өтөдү. Муну Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Пает “Азаттыкка” берген интервьюда белгиледи:

-Ал сөзүндө Белоруска жардамдашуу үчүн көп ыңгайлуу жагдайлар бар экенин кыскача айтты. Батыш азыр радио жана телеканалдар аркылуу татыктуу маалымат берүүгө аракеттенүүдө жана жаштар, спортчулар жана маданий өкүлдөр сыяктуу саясый эмес уюмдар үчүн дарбазасын ачык кармоодо.

Өткөн аптада Германиялык консорциум февралдан тартып, Белоруска радио-теле берүүлөрдү уюштуруу боюнча бримдиктин 2 миллион евролук келишимин утуп алган. Эл аралык “Deutsche Welle” компаниясы ноябрдан бери Белоруска орус тилиндеги радиоуктуруулар менен чыгууда.

XS
SM
MD
LG