Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ПАРЛАМЕНТ ПАСПОРТ КРИЗИСИ ҮЧҮН КЕНЖЕТАЕВДИ ЖАЗАЛООНУ ЧЕЧТИ


Кыргыз парламенти 31-январда паспорт тартышыгына жол бергендиги үчүн Маалымат технологиялары жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевди кызматтан бошотуу тууралуу Президентке сунуш киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Паспорттук кризис тууралуу маселе эки күндөн бери парламент тарабынан кызуу талкууланды. Депутаттар, айрыкча, паспорттун баасынын кымбат болуп, элге жетпей жатканы жөнүндө көп доомат айтышты. Паспорт маселесин соодага айландырып жиберүүгө жол берип, атуулдардын укугун бузуп жаткандыгы үчүн Маалымат технологиялары жана ресурстары агенттигин айыпташты. Бул агенттиктин жетекчиси Кенжетаевди кызматынан алуу боюнча Президентке сунуш киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышты.


Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 370 миң адам паспорту жок же мөөнөтү аяктаган жараксыз паспорттор менен жүрөт. Депутаттар бир жылдан бери кризистен чыга албай жаткан паспорт-виза тармагын терең реформалоо зарыл деп белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG