Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

ОРУСИЯЛЫК ПРЕЗИДЕНТ ЖУРНАЛИСТЕР МЕНЕН БЕШИНЧИ ЖОЛУ ЖОЛУКТУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин 31-январда орусиялык жана чет элдик журналисттер суроолоруна жооп берди. Ал мамлекеттик сыналгыдан түз эфирде көрсөтүлгөн жолугушууда өлкөнүн ички жана тышкы саясатына тийиштиги бар маселелер козголду. Алардын бири Борбор Азия аймагында жагдайга орусиялык лидердин көз карашы болду. Ошондой эле кийинки учурда ал өлкө үчүн «кычык» сөз болуп келаткан өкүмөтүк эмес уюмдарга президенттин мамилеси да суралды. Ага жооп кайырган Путин, андай уюмдар мындан ары да боло берет, бирок алардын чет элдик өлкөлөр менен байланыштыгы бар экени билинсе анда андай уюмдар ишкердиги токтотулат деди.

Кремлде өткөн журналисттер менен президент Путиндин жолугушуусу ири саясатка тийиштиги бар кептен башталды. Ал жерде президент өлкөсүнүн «Чоң сегизде» мүчө болуп калышын коргой сүйлөдү: «Чоң сегизден «мурдагы кылым» элдери Орусияны чыгарып таштагысы келет», - деп сын айтканга дейре барды.

Дагы бир ал кыйлага токтолгон маселе - уранды каныктыруу иши боюнча эл аралык атайын өзөктүк борбор уюштуруу демилгеси болду.

Ички маселеттерден карамай менен газ компанияларын мындан ары улутташтырбоо убадасын берди. КМШ өлкөлөрүнө тийиштиги бар кептер арасында Украинаны январ ичи газ уурдаган деп сын айтты. Рыноктук баага өткөнгө байланыштуу газдын наркы кымбаттаганын астын чийип көргөзүп, ошону менен бирге жакында Киев менен Маскөө ортосунда газ акысы үчүн соодалашуунун каймана мааниси саясий түстө дегенди жалган деп аны четке какты. «Биз андай бааны мурдубуздун ичин чукуп таап аткан жерибиз жок», - деди.

Америкалык журналисттин Маскөөнүн өзүбекстандык режимди колдошу - орусиялык тарап жарыялап келаткан европалык баалуулукка окшобойт го деген суроосуна Путин маакул болгон жок. «Биз Анжиянда эмне болгонун силерден өйдө билебиз!», - деп келип президент андан ары - «Бизге Ортоазияда экинчи Ооганстандын (пайда болушунун – ММ) кереги жок. Ал жакта ыңкылаптар болушунун кереги жок. Биз үчүн - сиз айткан - баалуулукту жок кылбай турган эволюция керек. Ошондо биз Анжиянда жолуккан коогалаңдагыдай жагдайга көмөк көргөзүү болбойт», - деди президент.

Бул кептин артында Кыргызстанга да тийешеси бар шаани жатканын анализчи Артур Улунян чечмеледи:

«Бул жарыя эки фактор менен шартталган. Биринчиден, Кыргызстанда 2005 жылкы жаз айынан (ыңкылаптан – ММ) кийин канткен менен бийликтин мамлекеттик түзүлүшү өзгөрүлбөшү түрткү болуп коомдогу кыйын учур эмдигиче сооротулбай атат. Экинчиден, Кыргызстанды курчап жаткан өлкөлөр жана Кыргызстандын Евразиядагы, дегеле, эл аралык алакадагы орду эсепке алынышы керек. Былтыркы Анжиян окуясы бардык Борборазиядагы абал-алакага чоң таасир этти. Бир тарптан Өзүбекстандын батыш менен алакасы бузулду. Экинчи тараптан демократиялык жолду тандап алган Кыргызстанды ал кыйын учурга дуушар кылды, баарыдан мурда Өзүбекстан менен жана Анжиян тополоңун басууну колдогон Орусия менен алкасынын суушуна алып келди», - дейт орусиялык белгилүү окумушту Улуниян.

Жолугушуу үстүндө орусиялык лидер Иранга дагы бир жолу кайрылуу жаcалганын билдире кетти. Ал кайрылуу негизинде ирандык АЭС үчүн каныктырылган уранды Маскөө өз жеринде даярдап берүүгө даяр деп айты. Кызык жери, ошол долбоорго Өзүбекстан менен Казакстан кошула алар эле деди.

Орусиялык жетекчи Грузиялык жетекчиликти кескин сынга алып, тблисилик бийлик бизди карай улам кайра «түкүрчү болду» деп айтты.

Маектешүүнүн бир жеринде Ельцин башкарган кезди баалап: «Орусия эли эң башкысы – (Ельцин тушунда – ММ) азаттык алды», - деди.

XS
SM
MD
LG