Ирандын Атомдук энергия агенттигинин башчысы Холамреза Агазаде Тегеран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде караштырууга укуктук негиз жок деп билдирди.
Тегерандагы студенттер кабар агенттиги жарыялаган билдирүүсүндө Агазаде: “Ирандын МАГАТЭ менен кызматташтыгын эске алганда, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Тегеран маселесин Коопсуздук кеңешине сунуш кылууда бир топ кыйынчылыктарга туш болоору талашсыз,” - деп басым жасайт. Анын комментарийи Лондондо чогулган Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө жана Германияын элчилери кабыл алган чечимге удаа жарыяланды.
Буга чейин Тегерандын атомдук тармактагы талаштуу ишмердигин Коопсуздук кеңешинде караштырууга Орусия менен Кытай каршы чыгып келишкен. Дүйшөмбүдө кечинде Лондондо узакка созулган жолугушуунун жыйынтыгында бирок, Орусия, Кытай, АКШ, Франция, Британия, Германия жана Европа Биримдигинин башкы дипломаттары биргелешкен билдирүү таратып, бейшембиде өтө турган МАГАТЭнин чукул жыйынына Иран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде караштырууну сунуш кылышты. Эгерде МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши 2-февралдагы кезексиз жыйынында Иран маселесин Коопсуздук кеңешине өткөрсө, Тегеран эл аралык санкцияларга туш болушу мүмкүн.
Бирок Лондондогу жыйындан кийин таратылган билдирүүдө МАГАТЭ марттагы жыйынында Иран боюнча жаңы докладын жарыяламайынча, Коопсуздук кеңеши бул багытта эч кандай аракет жасабайт деп белгиленет. Байкоочулар ушул кошумчадан улам Москва менен Бэйжин Лондондогу билдирүүгө кол койгонун айтып жатышат. Британиядагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун эксперти Марк Фицпатрик Лондондо чогулган тышкы иштер министрлеринин чечими – оор талаш-тартыштан кийин табылган мунаса экенин белгилейт. “АКШ жана Европалык өлкөлөр Ирандын атомдук программасы боюнча докладды эч кылчактабай туруп түз эле Коопсуздук кеңешинде азыр болсо да караштыруну каалайт. Бир айлык мөөнөт – бул эми Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө ортосунда табылган мунаса үчүн төлөнгөн акы. Баарынан башкысы – Лондондогу жыйындан кийин ага катышкан ырсмий өкүлдөр бир добуштан сүйлөп, Иран тарапка катаал эскертүү жасашты”.
Лондондук эксперт Фицпатрик биргелешкен билдирүү Иранды уранды байытуу ишмердигин, атүгүл бул багыттагы изилдөөлөрүн токтотууга үндөгөнүн кошумчалайт. Ирандын тегерегиндеги кризис Тегеран Натанздагы атомдук станциясында МАГАТЭнин мөөрү басылган кулпуларын алып салып, 10-январь күнү өзөктүк отун өндүрүү багытындагы изилдөөлөрүн улантаарын жарыялаганда курчуй түшкөн. Бул кризис кайсыл багытта өнүгөөрүн эми МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин 2-февралдагы жыйыны аныктайт.