Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

ТЕРРОРЧУЛУКТУН КҮЧӨШҮНДӨ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН САЛЫМЫ БАР


Нарын АЙЫП, Прага Айрым эксперттердин пикиринде, акыркы жылдарда дүйнөдө террорчулуктун өскөнүндө маалымат каражаттарынын да салымы бар. Террорчулардын өздөрүнүн жана алардын теракттарынын сыналгы аркылуу көрсөтүлүшү алардын популярдуулугун көбөйтүүдө.

Кээ бир эксперттердин айтымында, 2001-жылдын 11-сентябрында "ал-Каиданын" террорчулары Нью-Йорк менен Вашингтон шаарларындагы террордук аракетттерди ишке ашырганда, алардын чабуулу сыналгы аркылуу көрсөтүлөөрүн да эске алган. Дал ошол себептен Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эки имаратына каршы чабуулдар бир нече мүнөт аралык менен жасалган. Биринчи имарат күйө баштагандан кийин бардык сыналгы каналдары аны көрсөтүүгө киришкенде, экинчи имаратты дагы жаңы учак келип сүзгөн жана ал эбегейсиз террордук аракет бүткүл дүйнөгө түз ободо көрсөтүлгөндүктөн, "ал-Каида" террордук уюмунун даңкы бүт дүйнөгө тарады.

Ошондуктан, айрым эксперттер террордук аракеттердин маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылганына каршы. Алардын айтымында, аны менен журналисттер өздөрү каалабаса дагы террор идеяларын таратууда. "Социалдык психология боюнча европалык журнал" болсо өзүнүн акыркы санында жазып чыкканга караганда, барымта окуяларын сыналгы аркылуу көргөн адамдардын 16 пайызы ал сүрөттүн таасиринен улам, көрсөтүлгөн кылмышкерлер менен жолугуп-сүйлөшүүнү каалай баштайт.

Лондон шаарындагы Араб-Иран изилдөөлөр борборунун деректири Али Реза Нуризаденин пикиринде, террордук аракеттерди жана алардын кесепеттерин көрсөтсө дагы, сыналгы түйүндөрү террорчулардын өздөрүн экранга чыгарбаш керек: "Америкалык жана европалык сыналгы түйүндөрү бин Ладен менен анын орун басары Завахиринин жарыяларына жана алар эмне максатты көздөгөнүнө өтө эле көп көңүл бурат, 'ал-Жазира' сыналгысы болсо аларды такай көрсөтөт", - дейт Нуризаде.

Шотландиядагы Сент-Эндрюс университетинин профессору Пол Вилкинсондун айтымында болсо, маалымат каражаттарынын аракеттерин чектебеш керек. "Демократия учурунда маалымат каражаттарынын саясий мыйзам бузуулар же террорчулук тууралуу кабарларын токтотуп коюу туура болбойт. Эгер маалымат так жана объективдүү берилсе жана сын айтылса, андай кабарлар саясаттын оңолушуна негиз түзөт. Эркин маалымат каражаттары өзү эле чоң жетишкендик", - дейт Вилкинсон.

Ал эми Британиянын "Таймс" гезитинин мурдагы баш редактору лорд Риис-Моггдун пикиринде, журналисттер өздөрү жогорку жоопкерчиликти сезүүгө тийиш: "Маалымат канчалык ыңгайсыз болсо дагы, аны менен коомчулукту камсыз кылуу өтө маанилүү. Баарына жага турган жооп табуу кыйын. Бирок гезиттер андай окуяларга баа берүүгө тийиш. Кээде айрым окуялар тууралуу кабарлабай деле койсо болот, айрым окуялар жөнүндө унчукпай койгондо болсо, ал туура болбой калат", - дейт Риис-Могг.

Анын айтымында, кандай болгон учурда дагы толук маалыматка ээ болгон коом - дени соо коом.

XS
SM
MD
LG