Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ХАМАС УЮМУ ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН ШАРТЫНА МАКУЛ ЭМЕС


Нарын АЙЫП, Прага 30-январда Лондон шаарында Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу маселеси боюнча түзүлгөн атайын жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Ал топко Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги, АКШ жана Орусия кирет. Жыйында кабыл алынган чечим боюнча, 25-январдагы шайлоодон кийин Палестина автономиясынын жаңы өкмөтүн түзө турган ХАМАС уюму эл аралык коомчулуктан жардам алууну кааласа, өз саясатын өзгөртүүгө тийиш. Бирок ХАМАСтын өкүлдөрү андай билдирүүлөрдү четке кагып, эч кимдин ХАМАСка эч кандай шарт коюуга укугу жок деп жарыялады.

Палестина чет өлкөлүк жардамга өтө муктаж, автономия өкмөтүнүн кызматкерлеринин дээрлик баарына айлык ошондой жардам катары бөлүнгөн каражаттан төлөнөт. Европа Биримдиги былтыр Палестинага 600 миллион доллар жардам көрсөткөн, Америка Кошмо Штаттары автономияга быйыл бөлгөн жардам 234 миллион долларга барабар. Бирок Вашингтон жетекчилиги атайын билдирүү жасап, эгер ХАМАС өз саясатын өзгөртүп, экстремизмден баш тартпаса, андай жардам чектелиши мүмкүн деп билдирди.

Андай талап Европа Биримдигинин 30-январда Брюссел шаарында өткөн жыйынында да айтылды. Ошол эле күнү Лондон шаарында Жакынкы Чыгыш боюнча жумуш тобунун атайын жыйыны да өтөкөрүлдү жана ал жыйындан ХАМАС жетекчилигине ошондой эле сунуш менен Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан да кайрылды: "Биздин төрт тараптуу комиссиябыздын пикири боюнча, Палестинанын жаңы өкмөтү куралдуу күрөштөн баш тартып, Израил мамлекетин таанып, мурда түзүлгөн келишимдер менен пландарды аткарууга милдеттенме алыш керек, - деп билдирди Аннан.

Ал тууралуу 31-январда Маскөөдө журналисттер менен ири жолугушуу өткөргөн орус президенти Владимир Путин дагы айтты: "Бийликке келгендер аша чапкан жарыялардан алыс болууга тийиш, Израилди мамлекет катары тааныш керек жана эл аралык коомчулук менен байланыштарды түзүүгө тийиш. Биз ХАМАСка кайрылып, аларды ушундай туруктуу аракет көрүүгө чакырабыз", - деди Путин 31-январда.

Анткен менен ХАМАС азырынча андай кылуудан баш тартууда. Уюмдун басма сөз катчысы Сами Абу Зухринин айтымында, ХАМАСка ультиматум коюуга эч кимдин укугу жок: "Батыштын палестиналыктарга карата туруму дайым адилетсиз болгон жана алар такай Израилдин гана кызыкчылыгын коргогон. Биз болгону демократияны ишке ашырып жатабыз, алар болсо ал үчүн бизди жазалагысы бар. Ошондуктан биз Батыш коомуна кайрылып, өздөрүнүн чечимдери менен талаптарын кайра карап чыгууга чакырабыз", - деди Абу Зухри 30-январда.

ХАМАС уюмунун уставында Израил мамлекети жок кылынууга тийиш деп жазылган жана анын жетекчилиги андай нерселерди өзгөртүүдөн баш тартууда. Уюм андан тышкары Иран, Сауд Арабия жана башка араб мамлекеттеринен да бир топ жардам алат, бирок бул мамлекеттер азырынча ХАМАСты катуу сындай элек.

XS
SM
MD
LG