Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

“ОСКАР” СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ ФИЛЬМДЕРДИН КӨБҮ “СОЦИАЛДЫК ТАСМАЛАР”


Төрөкул Дооров, Прага. Шейшембиде “Оскарга” кимдер ат салышаары белгилүү болду. Голливуддун “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи ушул жылдын 5-мартында өтөт.

Бул жолу сыйлыкка көрсөтүлгөн фильмдерге көз жүгүрткөндө, расалык жана сексуалдык сабырдуулук темасы башкы маселе катарында көтөрүлгөндөй сезилет. Мисалы, эки кумса-ковбойдун сүйүүсү жөнүндө тартылган “Өркөч тоо” фильми сегиз номинацияда көрсөтүлдү.

Ал эми расизмди сүрөттөгөн “Кагылышуу” деген тасма болсо алты “оскарды” алганга озунуп турат.

Жылдын “мыкты фильми” деген наамга ээ болу үчүн 5 тасма күч сынашат.

- Мен 2005-жылдын “мыкты фильми” номинациясы боюнча күч сынаша турган тасмалардын аттарын атап жатканыма аябай кубанып турам. Булар: Энг Линин “Өркөч тоо”, Беннет Миллердин “Капоте”, Пол Хаггистин “Кагылышуу”, анан Джордж Клунинин “Түнүңүз бейпил болсун жана ийгилик!” деген фильмдери, ошондой эле Стивен Спилбергдин “Мюнхен” деп аталган тасмасы, - деди америкалык киноакадемиянын ырасмий өкүлү.

Бул фильмдердин баары – олуттуу драма жанрында тартылган. Стивен Спилбергдин “Мюнхен” деген чыгармасынан сырткары, баардык фильмдерде окуя Кошмо Штаттарында болуп, америкалыктардын турмушуна тиешелүү социалдык проблемалар жөнүндө сөз болот.
Ал эми “Мюнхен” фильминде Спилберг 1972-жылдагы Олимпиада оюндарындагы трагедияга кайрылды. Израилдик 11 спортсменди палестиндик куралчан топ барымтага алып, кийин өлтүргөн эле. Бирок Спиберг мында көбүрөөк палестиналыктарды каралабай, тетирисинче бул окуядан кийин Израил кандай аракеттерди көргөнүнө кайрылат. Израилдик атайын кызматтар адам өлтүргүчтү жалдап, ал окуяга тиешеси бар баардык палестиндиктерди кырып жок кылганы айтылат.
XS
SM
MD
LG