Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

ЖОРЖ БУШ АЗЫРКЫ ТЫШКЫ САЯСАТЫНАН АРТКА КАЙТБАЙТ


АКШнын президенти Жорж Буш Конгресстин кош палатасынын жыйынында өлкөгө жылдык кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Буш өз сөзүндө белгилегендей, Кошмо Штаттар азыркы тышкы саясатынан чегинбейт. Ал эми азыркы багыттан артка кайтуу өзүн -өзү изоляциялагандык дегенди билдирет. Соңку кездери Жорж Буштун калк арасындагы беделинин төмөндөшүнө анын дал ушул тышкы саясаты чоң салым кошкон эле.

Жорж Буш Конгрессте Бишкек убактысы боюнча шаршембиде эртең менен чыгып сүйлөдү. Кайрылуунун басымдуу бөлүгү тышкы саясаттын маселелерине арналды. Ал президенттигинин эми алдыда калган үч жылында эл аралык террорчулукка каршы күрөштү улантарын, Иракта азыркы курсту карманарын, дүйнөдө демократиянын жайылтуу боюнча аракеттерди токтотпосун белгиледи:

-Биздин душмандар менен достор ишенип койсо болот : Кошмо штаттар дүйнөдөн оолактабайт жана жамандыкка эч качан алдырбайт.

Баяндамачылардын пикиринде, Кошмо штаттардын азыркы тышкы саясаты жана мындан беш ай мурун Катрина ураганы учурунда бийликтин тийиштүү чараларды өз убагында көрө албаганы президенттин эл арасындагы беделинин төмөндөөсүнө алып келди. Соңку эки айдан бери коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Бушту америкалыктардын 40%дайы эле колдоорун көрсөтүүдө.

Ал эми АКШ администрациясынын дүйнөдө демократияны жайылтуу аракеттери, маселен, Жакынкы Чыгышта Вашингтон каалабаган жыйынтыкты берип жаткандай. Өткөн аптада Палестин автономиясындагы парламенттик шайлоодо согушчан Хамас уюму ишенимдүү жеңишке жетишти. Бирок Жорж Буштун айтымында, Хамас Израилдин жашоого укугун таанымайынча Кошмо Штаттар аны менен мамиле түзбөйт.

Буштун бул жолку кайрылуусунда айтылган жаңы демилгелер, баяндамчылардын пикиринде, жупуну жана негизинен ички маселелерге байланыштуу болду. Атап айтканда пенсия жана медициналык жардам көргөзүү системасын кайрадан иликтеп чыгуу, мектептерде математика менен илимди окутууга басым жасоо жана энергиянын альтернативалуу булактарын издөө өңдүү демилгелер. Буш белгилегендей, Америка азыр дүйнөлүк экономикадагы атаандаштыкка туруштук берүү үчүн сырттан келген мунайга көз каранды экенин аңдап - биле турган турган учур келди:

-Американын атаандаштыкка туруктуулугун сактоо энергияны талап кылат, мында бизде олутуу проблема бар. Америка көп учурда дүйнөнүн туруксуз региондорунан импортолуучу мунайга көз каранды. Бул адатты өзгөртүүнүн эң жакшы жолу – технология.

Жорж Буштун айтымында, өлкөнүн алдыдагы турган максаты - 2025- жылга карата Жакынкы Чыгыштан мунай импортоону 75%га чейин кыскартууга жетишүү.

Мунайдын ошондой туруксуз булактарын бири – Иран. Кезинде Буш Иранды Ирак менен Түндүк Кореяга кошуп "жамандыктын үч илтиги" деп атаган. АКШ жана Европа ал өзөктүк курал жасоого аракеттенүүдө деп кооптонот. Буш дүйнө Иранга өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербеш керектигин билдирди. Түздөн -түз ирандыктарга кайрылып, ал мындай деди:

-Бүгүн мага Ирандын атуулдарына тикелей кайрылууга уруксат бергиле. Америка сиздерди сыйлайт, биз сиздердин өлкөгө урмат менен мамиле кылабыз. Өз келечегиңерди өзүңөр тандоого, эркиндикке умтулууга укуктуу экениңерде шегибиз жок. Биздин эл кайсыл бир күнү эркин жана демократиялык Иран менен өтө жакын дос болоруна үмүттөнөт.

Жорж Буш ошондой эле өзүнүн узактан берки темасы - террорчулукка каршы күрөшкө да токтолду:

-Биз террордук түйүндөргө каршы азыр да чабуул коюудабыз. Алардын лидерлеринин көпчүлүгүн колго түшүрдүк же жок кылдык, калгандарына да кезек келет. Биз президенти менен парламенти террорго каршы жаңы демократиянын институттарын түзүү менен күрөшүп жаткан Ооганстанда чабуул үстүндөбүз. Жеңиш үчүн так планыбыз бар Иракта чабуул жасап жатабыз.

АКШда быйыл ноябрда Сенаттын үчтөн бир бөлүгүнө жана Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 орду үчүн шайлоо өтөт. Буш өкүлү болгон Республикалык партия азыр эки палатада тең көпчүлүк добушка ээ.

Адатта, АКШда салтка айлангандай, кызматтагы президент кайра шайланбай турган учурда анын партиясы Конгресске шайлоодо утулат. Нью- Йорк университетинин саясат таануу боюнча профессору Роберт Спитзердин пикиринде, америкалыктар Ирактагы согушту жактабаганы менен өткөн шайлоолордо Бушту жана республикачыларды коопсуздукту камсыз кылуу багытында көргөн чаралары үчүн колдогон. Андыктан өз партиясынын террорчулука каршы аракеттерин даңазалоо менен Буш алдыдагы шайлоодо да Конгрессте республикачылардын турумун сактоого, атүгүл күчтөндүрүүгө үмүттөнүүдө:

-Тышкы саясат жана улуттук коопсуздук маселелери чынында анын кайра шайлануусу үчүн таяныч болгон. Балким бул - республикачылардын 2006- жылы да Конгресстеги ордун сактоо үчүн үмүт артып жаткан маселе. Эгер америкалыктар коопсуздугунан кабатырланса, Буш жана республикачылар өлкөнү коргоо боюнча жакшы иштеп жатат эсептешсе, быйыл күздөгү шайлоодо респуликачыларга жардамы тиет.

Айрым баяндамачылар, Ирак боюнча коомдук колдоонун деңгээли төмөн экенин, Палестинадагы шайлоодо АКШ террорчул уюм катары санаган Хамастын жеңишин эске алганда, Жорж Буш бул жолку кайрылуусунда тышкы саясаттын маселелерине көп деле басым жабайт деп күтүшкөн. Бирок профессор Спитзердин пикиринде, мындай шартта Буш тышкы саясатта ийгилик таппаганын моюнга алган болуп калмак.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG