Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫН БОШОТУУГА ПРЕЗИДЕНТТЕ ЖЕТИШТҮҮ НЕГИЗ ЖОК


Коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев кызматтан кетеби-кетпейби – бул маселенин кыйла тыныгуудан кийин кайра көтөрүлүшүнө анын кол алдындагы кызматкеринин ички иштер кызматы тарабынан кармалышы шылтоо болду. Кыргызстандын башкы чекистин кызматтан кетирүүнү президентке парламент, жарандык коом бир нече ирет сунуштаган. Президент парламенттин акыркы сунушуна өз оюн айта элек. Кээ бир талдоочулар Коопсуздук кызмат башчысына байланышкан жаңжалды президент Коопсуздук кеңеши аркылуу чечиши ыктымал деп болжошууда.

Таштемир Айтбаев коопсуздук кызматынын башчылыгына март окуясынан кийин экинчи ирет дайындалган мамлекеттик ишмер. Аскар Акаевдин учурунда да белгилүү мөөнөттө бул милдетти аркалаган Айтбаев жаңы бийликтин ишенимине ыраазычылык билдирүү менен, кезинде өзүн тигил же бул саясий кызыкчылыктарга эмес, мекенге кызмат кылган жоокер катары сыпаттаган. Бирок, Таштемир Айтбаевдин кызматтан кетишин алгачкылардан болуп «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы баштаган бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү талап кылышкан. Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген өзбекстандык жарандардын төртөөнү коопсуздук кызматы өзбек бийлигине берди деп санаган жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын эл аралык коомчулукта аброюн сактап калууну Айтбаевдин кызматтан кетиши менен байланыштырышкан.

Бирок, айрым талдоочулар Таштемир Айтбаевди кызматтан кетирүү аракеттеринин башатын тандем менен байланыштырышат. Тагыраак айтканда, тандем түзүүдө Кулов Бакиевге койгон шарттардын бири – коопсуздук кызмат башчысын алмаштыруу болгон. Президентти ушул өңүттө сынга алган саясатчылардын бир даары чечкинсиздик кырдаалды курчутуп ийди дешет. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында:

- Экөөнүн бирин тандашы керек да. Экөөнүн тирешүүсү апогейине жетип, келишкис нерсе болбодубу. Парламенттин трибунасынан Айтбаев премьер-министрди кылмышкер кылып атап атат. Премьер министр аны сен кылмышкерлер менен байланышкансың деп атат. Экөө бири-бирине конкреттүү фактыларды, аргументтерди келтирип атат. Курманбек Салиевич (Бакиев- авт.), эгер, жок мен Айтбаевге гана ишенем десе, анда ал өзүнүн тандемдешин отставкага кетириши керек да.

Кыйла депутаттар бир катар саясатчылардын өлтүрүлүшү, коопсуздук кызматкерине байланышкан жаңжал Таштемир Айтбаевди токтоосуз кызматтан кетирүүгө жетиштүү негиз болорун айтышып, президентке акыркы ирет өткөн аптада сунуш жолдошту. Буга чейин Айтбаев маселесин парламенттен тышкары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, Кыргызстандын 6-элдик курултайы да көтөргөн. Бирок, Курманбек Бакиев коопсуздук кызмат башчысын жумуштан кетирүүгө али далил жетишсиз деп санап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов билдирди. Ал эми Айтбаев өзү болсо ага каршы аракеттерди саясат менен байланыштырып, ээлеген кызматында кызматтан кеткидей ката кете электигин белгилөөдө. Ал айтылган дооматтардын артында конкреттүү бир эле факт болсо жооп берүүгө даяр экенин парламентте билдирип, ал эми премьер министрдин дооматтарын куру сөз катары сыпатталды:

- Мени эч ким кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар деп айта албайт.

Айрым байкоочулар Кулов менен Айтбаевдин тирешүүсү Акаевдин учурунда башталганын, бирок, бул пикир келишпестик март окуясынан кийин жаңы жагдайда өнүгүп, коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловго байланышкан чатактын алкагында жаңы түскө ээ болгонун айтышат. Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Айтбаев-Кулов тирешүүсүн кандайдыр бир деңгээлде Бакиев - Кулов тирешүүсү катары кароого да негиз бар дейт:

- Акыркы алты айдын ичинде Курманбек Бакиев өзүнүн мурунку шакирттеринен узап, эл менен ажырым пайда болуп, Кулов менен Бакиевдин ортосунда кадимкидей тирешүү пайда болуп атат. Эмне үчүн андай болуп атат? Анткени, Айтбаев Бакиевге күнүгө туура эмес маалымат ташып берип атат. Кээ бир адамдарды жамандап, эртең-бүрсүгүнү булар төңкөрүш даярдап атат, сизди жумуштан алып түшүшөт, мен эле сизди сактай алам, мага ишениңиз дегендей сөз болуп атат. Мындан тышкары көшөгөнүн артында бизге белгилүү-белгисиз көптөгөн себептер бар.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун коопсуздук кызмат башчысынын айланасында тандемге доо кетип калды деген көз караштарды жактабайт. Анын оюнда, президент Айтбаевге байланышкан чатакты коомчулуктун көңүлүнө төп чечет деген ишенимде:

- Курманбек Салиевич кадр маселесин ойлонуп, шашпай чечкен адам. Шашылыш кадам жасабайт. Ал ошол кимдин керек экенин, ким анын кадыр-баркына зыян келтирерин билет. Коомчулуктун пикири менен эсептешип, Айтбаев боюнча да тиешелүү чечим кабыл алышы мүмкүн.

Депутаттардын бир даары Таштемир Айтбаевдин кызмат орду Коопсуздук кеңешинде чечилерин болжоп жатышат. 9-февралга белгиленген коопсуздук кеңешинин күн тартибине уюшкан кылмыштуулукка, тартип коргоо кызматтарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер киргизилгендиги жарыяланган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG