Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

2000 СОМ ҮЧҮН МИЛИЦИЯ ЖАНЫН ТОБОКЕЛГЕ САЛБАЙТ


Эмгек акынын аздыгы, курал-жарактын эскилиги, тартыштыгы кыргыз милициясы үчүн ашынган кылмыштуулук менен күрөшүүгө тоскоол болгон курч проблемалар. Анысы аз келгенсип, кылмышкерлерди кармап камоого прокуратура органдары создуктуруп улуксат бергиче, алардын изи сууп кетүүдө. Кол байлаган ушундай орчундуу проблемалары менен дооматтарын кыргыз милициясынын кылмыштуулукка каршы күрөшкөн бөлүктөрүнүн өкүлдөрү премьер-министр Ф. Кулов менен 1-февралда болгон жолугушууда ортого салышты.

Өкмөт башчынын алдында кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын кызматкерлери ичке толгон бардык дооматтарын, проблемаларын айтып алышты.

Бишкек шаардык кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын жетекчиси Парманкулов жаш муундардын колдон чыгып баратканы үчүн бандитизм бүгүн мектептерди да кучагына алып жаткандыгын баса белгиледи:

-Кылмыштуулук мектеп партасынан башталууда. Балдар бири-бирин тоноп, акчасын, чөнтөк телефонун жана башкасын алып коюп атышат. Өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекциянын күчү жетпейт. Биздин ага көңүл бөлүүгө убактыбыз жок. Чындыгын айтсак, биз кылмыштуулукка көмүлүп калдык.

Уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык жактан өсүүсүнө да тоскоолдугун тийгизип жаткандыгы белгиленди. Айрым кызматкерлердин айтымында, кылмыш топторунун салган салыгынан, коркутуп-үркүтүүсүнөн көптөгөн ишканалар ишин токтотууга аргасыз болуп жатышат.

Кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын кызматкерлеринин мамлекетке, айрыкча, материалдык жактан дооматы чоң. Бул тармактагы милиционердин айлык акысы 1500-2000 сом. Ал эми Бишкек шаарындагы кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын болгону үч эле машинеси бар. Ички иштер министри Мурат Суталинов милиционерлердин эмгек акысын жогорулатмайынча алар кылмышкерлерге жанын тобокелге салып күрөшпөй турганын баса белгиледи:


-Бизге айлык акыны 50% көбөйтүп беришти. Бирок бул жетишсиз. Мен 1500-2000 сом айлык акы үчүн өзүмдүн кызматкерлеримди кылмышкерлердин огунун алдына кирүүгө мажбурлай албайм.

Премьер-министр материалдык маселеден буйтап сүйлөдү. Феликс Кулов милиционерлерди кылмышкерлер менен күрөшүүгө, кызматтык милдетти аткарууга жана элдин, өздөрүнүн абийири алдында таза болууга чакырды:


-Биздин тапшырма кылмыш топторунун кылмыш жасоосунун алдын алуу жана аларды тароого мажбурлоо. Албетте мыйзам чегинде. Эгер бул жардам бербесе, аларды кармап, кылмыш жообуна тартуу жолу менен жок кылуу. Бул дагы мыйзам чегинде. Кылмышкерлерди издөө кызматы түзүлгөнүнө жүз жылга жакындап калды. Ушул убакыттан бери каражат, транспорт маселеси башкы көйгөй болуп келе жатат.

Милициянын прокуратура жана сот органдарынын дарегине да дооматтары толтура. Прокуратура создуктуруп камоого санкция бергиче бандиттер изин жашырып кетүүдө. Ал эми кармалып, тергеп ишин сотко ашырып беришкен кылмышкерлер соттор тарабынан өтө жеңил жаза алып, жоопкерчиликтен кутулуп чыгууда. Милиционерлердин айтымында, өзгөчө оор кылмыш жасагандардын жазаланбай акталып чыгып атканы күйгүзөт.

-Прокуратураны да сындаш керек. Анткени, кылмыш ишин биз өзүбүз козгобойбуз, прокурор кол коет. Кармалган кишинин баш коргоо чарасын да өзүбүз аныктай албайбыз, сотко да ишти өзүбүз жибере албайбыз, бардык жерде прокурордун колу коюлуш керек. Санкция берсин, кылмышкерди тинтүүгө, 1-2 айлап кармоого берсин. Эмнеден коркушат?- деди министр Мурат Суталинов.

Министрдин сөзүн жыйынга катышып олтурган президенттик администрациянын коопсуздук жана коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Таабалдиев да колдоого алды. Анын айтымында, эгер прокурор санкция берүүдөн баш тарта турган болсо, жаэуу түрүндө, баш тартуунун себептери менен кошо жазып берүүгө тийиш болуш керек.

Сот бийлигинин өкүлдөрү өз кезегинде алардын дарегине айтылган сындарга макул эмес. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, жаза аткаруудан кутулуп кеткен кылмышкерлер үчүн жалгыз соттор күнөөлүү эмес:


-Соттор жазанын мөөнөтүн белгилеп, өкүмдү чыгарып беришет. Ал эми түрмөгө баргандан кийин жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүнө биздин күнөөбүз жок.


Жыйында учурдагы саясий кырдаал тууралуу да сөз болду. Милиционерлер Каракече кениндеги чыр, Кыргызстандагы криминал дүйнөсүнүн төбөлү деп айтылып жүргөн Рысбек Акматбаевдин депутаттыкка ат салышаары тууралуу суроолорду беришти. Бул суроолорго ички иштер министри өзү жооп берип, Нурлан Мотуевди эл кармап турат, ал эми Балыкчы шайлоо округунан милиционер депутат болуу керек деген сөзүн айтты.

Жыйында айтылган маалымат боюнча Кыргызстанда 22 уюшкан кылмыш топ бар. Премьер-министр булардын ар бири менен өз алдынча иштеп, жок кылуу тууралуу кылмышкерлерди издөө башкармалыгына тапшырма берди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG