Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Курманбек БАКИЕВ: ПАРЛАМЕНТТЕГИ СПЕКТАКЛДИ ТОКТОТУУ КЕРЕК


Президент Курманбек Бакиев мыйзамдарды чыгаруунун ордуна, аткаруу бийлик структураларынын ишине ашкере кийлигишип, жолтоо болуп жатат деп Жогорку Кеңешти сынга алды. Өлкө башчысы бул жөнүндө 3-февралда Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи. Президент ошондой эле депутаттарды тергөөсү бүтө элек иштерге кийлигишип, саясий максатта спектаклдерди уюштурууну токтотууну талап кылды.

Курманбек Бакиевдин айтымында саясатка ашкере алаксыгандыктан парламентте кворум чыкпай 17 пленардык жыйын болбой калган. Ал эми өткөн жылы болгону 149 мыйзам кабыл алган, учур талабына керектүү көптөгөн мыйзам долбоорлору кабыл алынбай турат. Анын мисалы катары 2006-жылдын республиканын бюджети кабыл алынбай турганын белгиледи президент. Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш өткөн жылдарга салыштырмалуу бюджетин 3 эсе көбөйтүүгө аракет кылганын, бюджеттин чыгаша 190 млн. сомду түзгөнүн, ар бир депутатка мурдагыдан эки эсе чыгым көп болгонун айтып өттү.

Парламентке өкмөттү жана анын курамын чакырып талкууга алууга убактылуу мораторий жарыялоону сунуштады. Конституцяны реформалоо маселесине күзүндө жыйым-терим бүткөндөн кийин кайрылуу керектигин билдирди.

Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын тергөө иштерине мыйзамсыз кийлигишип жатат деп сындады, парламенттеги соңку күндөрү болгон жаңжал чууларды жеке камын жеген депутаттардын атайын максатта уюштурган аракеттери катары баалады:

-Мыйзамды, Конституцияны бузуп жатышканын билишет. Бул мыйзам чыгаруу органынын ичинде болуп, спикер тарабынан дем берилип, депутаттардын көпчүлүгү тарабынан колдоого алынып жатат. Мындай спектаклдин кимге пайдасы бар? Аны уюштургандар эмнени каалашат? Бул спектаклди сиздердин эки-үч коллегаңар жана аткаруу бийлигинен бирин-экин киши уюштуруп жатышат. Ал эми калган баарыңар моюн сунуп отурасыңар. Алар сиздерди мыкты куурчак ойноткучтай болуп башкарып алууда, -деди Курманбек Бакиев.

Ошентип, Президент эки жумадан бери парламент депутаттары айткан дооматтарга жооп иретинде чабуулга өттү. Эмки кезек депутаттарда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттин билдирүүсүнө парламенттин фракциялары, комитеттери менен кеңешип 15 күндүн аралыгында жооп бере турган болду.

XS
SM
MD
LG