Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

БАКИЕВДИН ТАЛАМЫН ТАЛАША ТУРГАН КООМДУК УЮМ САЯСИЙ МАЙДАНГА КЕЛДИ


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин саясатын эми атайын түзүлгөн ыктыярдуу коом колдомой болду. Коомду адилет министрлиги 16-январда каттоого алган. Бирок, мындай уюмдун түзүлүшүн коомчулуктун айрым өкүлдөрү президент Бакиевге пайдадан зыянды көп алып келе турган орунсуз кадам катары баалашууда. Муну экс-президент Аскар Акаевдин ушул өңүттөгү таржымалы менен көбүрөөк байланыштырып жатышат.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир жаран, саясатчы, анын ичинде президент да колдоого муктаж. Бул жагынан ыктыярдуу бирикменин түзүлүшүн кадырэсе көрүнүш катары кабылдоого болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов билдирди:

- Ар бир саясатчыны колдой турган, ага каршы иштеген күчтөр бар. Ошондуктан, ар бир саясатчыны колдоого муктаж болгон учурлар болот дайыма. Ошон үчүн президент деле колдоого муктаж болот. Ошондуктан, эгерде эл колдобосо президент да кыйналат. Ошондуктан, жанагындай коомдордун түзүлүшүндө эч кандай проблема жок.

Кыргызстандын тарыхында президентти колдоо боюнча коомдук уюм алгачкы жолу түзүлүп жаткан жери жок. Мындай аракеттер Аскар Акаевдин президенттик акыркы мөөнөтүнүн учурунда өзгөчө активдешип кеткен. Кыргызстандын түштүк борборунда түзүлгөн «Элим менен, элим үчүн!» коомдук уюму Аскар Акаевдин реформасын колдоо, «Эл баатыры» наамын ыйгаруу, президенттик мөөнөтүн узартуу өңдүү демилгелерди көтөрүп чыккан. Бирок, мындай аракеттер коомчулукта нааразы пикирлердин күчөшүнө өбөлгө түзгөн.
Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, маселен, Бакиевди колдоо багытында ишмердүүлүктүн башталышы Акаевдин учурундагыдай коомчулукта кескин иренжүүнү жаратат деп ойлобойт. Бирок, кезинде Аскар Акаевдин саясатын жактагандардын катарында саналган жарандык коомдун бул өкүлү жаңы президентти колдогон жаңы кадамды ашыкча кошоматчылык катары санап, бул Бакиевдин ишин татаалдаштырат дейт:

- Бакиевдин жанындагы адамдар Акаевдин акыркы жылдары кетирген каталарын изме-из кайталап, Акаевдин калтырган издери менен кетип баратышат.

Бирок, Президентти колдоо коомунун демилгечилери өздөрүн президенттен же анын жакындарынан, таасирдүү саясатчылардан көз карандысыз, карапайым эл өкүлдөрү катары тааныштырышып, уюмду түзүүгө саясий кырдаал түрткү болгонун айтышты.

- Кыргызстандын элинин 88% Бакиевге добуш берип шайлап алгандан кийин, эч ким аны кайра эле түшсүн дебейт да. Эми ошону кайра түшүрүп, бийлик талашкандар шыкак беришип, уюштургандар көбөйүп атпайбы. Президенттин адресине туурабы-туура эмеспи, асылуулар көбөйүп атпайбы. Ушуга биз бөгөт койсок, элдин стабилдүүлүгү үчүн күрөшсөк деген ой,- деди Президентти колдоо боюнча ыктыярдуу коомдук бирикменин жетекчиси Савлятхан Ормошева.

Кээ бир саясатчылар менен коомдук ишмерлердин оюнда президентке колдоо көрсөткүдөй деңгээлде өлкөдө курч кырдаал түзүлгөн жери жок. Ал эми президенттин дарегине кескин сын-пикирлердин пайда болушуна анын бийлиги өзү күнөөлүү болуп жатат. Кыргызстан улуттук-патриоттук кыймылынын төрагасы Болот Байкожоевдин пикиринде мындай көрүнүш - Курманбек Бакиевдин кошоматчылыкка жол берип, ал аркылуу Акаевден начар жолго түшүп баратканын айгинелеп жатат:

- «Мени эч ким колдобогула, мени Конституция колдойт, өзүмдү өзүм колдойм» деп элге чыгышы керек. Бүгүнкү күндө Бакиев Акаевден жаман жолго баратат. Эгер Бакиев ушул жол менен бара турган болсо президент болгонго татыктуу эмес.

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев президентти колдоочу кандайдыр бир уюмдун иштешин артык баш деп санайт. Анын оюнда президенттин бардык укук-милдеттери Конституцияда көрсөтүлгөн. Анын үстүнө бийлик жана оппозиция бири-бирин тескеп турбаса демократиялык коом өнүкпөйт деп эсептейт укук коргоочу.

Савлятхан Ормошева болсо Бакиевди колдоо коомуна мүчөлөрдүн арасында таасирдүү саясатчылар жок дейт. Анын айтымында, азыр коомдо 120дан ашык мүчө бар. Алар жакында президент Бакиевдин саясатын колдоо максатында тегерек үстөл талкуусун өткөрүүгө камданып жатышат жана мындай демилге айрым саясий партиялардын колдоосуна ээ болууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG