Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

ОРУС АРМИЯСЫНДАГЫ ДҮРБӨЛӨҢ. КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ЖЫЛЫНА 120 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТАБЫШАТ. ЕЛЬЦИНДИ 13 ПАЙЫЗ ОРУСИЯЛЫКТАР ЭМДИГИЧЕ СЫЙЛАШАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия армиясында криминалдык жагдай барган сайын күчөп баратышы басылмаларда кеңири чагылдырылган. Ошондой эле бул жолу КМШ өлкөлөрүнөн келип эмгек этип жүргөндөр алакан акысы канча болорун айгинелеген жана башка макалалар мазмууну менен таанышасыздар.

Орус армиясындагы катуу дүрбөлөңдү анализчилер Челябин аскерий окуу жайында токмок жеп эки бутунан айрылган катардагы жоокер Сычов окуясынан соң башталды дешет. Андрей Сычевдун сабалышына байланыштуу 14 кылмыш иши козголду. Ошондон соң армияда уставда жазылбаган мамилелер бетин ачуу жумушу башталган. Аскерий прокуратура ага көгөрүп киришип атканын белгилешет. «Новые известия» макаласын: (03.02.2006) «бейшемби күнү 8 зулумдук иш кылынганы дайын болду», - деп баштайт. Бешөө Орол тоодон ары жактагы аскердик бөлүктөрдө болгон. Ал күнү Екатеринбург госпиталында былтыр күздө бир бөлүктө кызмат этишкен аскерлер сабаган, ошондон бери ооруканада жаткан 19 жаштагы Антон Афанасьев бутун сойдурууга аргасыз болгон. Аны менен бир палатада жаткан эки жоокер да «дедалар» токмогун жеп түшүшкөн.

Төртүнчү жабыр таркан катардагы жоокер Мальцев экен. Аны жоокер эмес офицерлер сабашкан. Анын акылы айнып калган. Ошондон соң аны жиндиканага жеткиришкен. Уруп-сабоо маалында мерт болгондор да болот экен. Маселен, Челябин оубулуна карашатуу мотоаткычтар бөлүгүндө аскерге жаңы алынган жоокер «дедалар» токмогунан соң өлүп калган. Ал аскер бөлүгүнүн жетекчилиги чыгарган жыйынтыкта: «өпкөсүнө суук тийип өлдү» делген. Дагы бир жери ал январ айында көз жумса да эмдигиче эне-атасына жеткириле элек экен.

«Время новостей» болсо сержант Автенюктан токмок жеп башы жарылган катардагы Андрей Ткачук 11 күнү казармада жатканын жана энеси келип калып, бөлүктүн жетекчилиги ошондо гана аны ооруканага жеткирүүгө уруксат бергени туурасында жазат. Хабаров крайындагы №34091 бөлүктөн катардагы Евгений Кобловду «дедалар» токмоктой баштаганда ал качып, 24 күнү кошуна үйдүн астында жашынып жаткандыктан эки аягын үшүк алып, акыры анын бутун да доктурлар кесип таштаган.

Орус армиясында жагдай кийинки учурда курчуп кеткенин өлкөнүн Жогорку сотуна төрага Вячеслав Лебедевдин: «2006 жылы (болгону бир ай ичинде – ММ) аскерий сот тараптан эки миңге чукул офицер жазаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылды», - деп басылмаларга айткан жообунан көрүнүп турат.

Федералдык миграция кызматы өздөрү ооп келип аткандарды эл кылуу боюнча өткөргөн эксперимент жыйынтыгы бул апта ичи да кеңири кеп болду. «Гудок» басылмасы, маселен, бир эле КМШ өлкөлөрүнөн ооп келгендер эсеби 10 миллиондон кем эмес. Алардын пайдасын өлкө экономикасындагы көлөкө сектор көрүп атат. Эмне дегенде азган тоскондор Орусиянын мыйзамын коргогонго караганда экономиканын көлөкөсүндө жүргөн өз жердештеринин кызыкчылыгын коргоого алышат, - деп айткан федералдык миграция кызматынын жетекчилеринин бири Вячеслав Поставнин.

Орусияга иш издеп Тажикстан, Азербайжан, Өзүбекстан, Кыргызстан, Грузия, Молдова жана Украинадан кишилер көп келери айтылган. Эксперттер берген баага караганда, маселен, Кыргызстан менен Тажикстандын иш колунан келер калкынын 35 пайызына дейре жарандары Орусияга агылып келип атканы дайын болот. Андай мигранттар, маселен, бир эле Кыргызстанга жыл сайын 120 миллион доллар жөнөтүп турушат экен деп жазат.

«Бизге ал азаттык алып келген» деген ат менен «Время новостей» Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин 75 курактык тоюн утурлаган макала басты. Ал жерде «Левада борбору» ардагердин эл арасында кадыр баркын билүү үчүн жүргүзгөн сурамжылоосу да келтирилген. Ельциндин доорунда жакшылыкка караганда жамандык арбын болгон дегендер эсеби 70 пайызга жеткен. Ага каршы ой айткандар эсеби 13 пайызды түзгөн.
XS
SM
MD
LG