Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

КӨЧКҮ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАНДАРГА ЖАРДАМ ЖИБЕРИЛДИ


Кожогелди Култегин, Бишкек. Кар көчкүдөн төрт адамдын өмүрү кыйылган тоо арасындагы Сарыбээ кыштагына Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров, күтүүсүз кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков баштаган топ 4-февралда жөнөп кетти.

Каракулжа райондук мамлекеттик акимчилигинин аппарат жетекчиси Кадырбек Самидиновдун айтымында кар көчкү жүрүп, кырсык болгон Сарыбээ кыштагына бүтөлүп калган жол зорго ачылды. Бул жер райборбордон 65 чакырым алыстыкта. Губернатор милдетин аткаруучу Адам Закиров, министр Жаныш Рустенбековдор жанына гуманитардык жүк жүктөлгөн бир «Камаз» автомашинасын алышып,эртең менен өтүп кетишкен. Райаким ал жакта күтүп жатат.

-Бүгүн саат 14.00.төрдө биз Сарыбээ кыштагы менен телефондо сүйлөшсөк – жете элек болучу. Анткени, жол өтө начар. Азырынча бир эле автомашинага чакталган. Шамал жүрүп, тынымсыз күрткү уруп таштап атат аны дагы,- деп билдирди Кадырбек Самидинов.

3-феврал күнү кечинде Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров кар көчкү кырсыгы болгон күндүн эртеси эле ал жакка жетүү аракети болгонун, бирок катар-катар кар көчкү түшүп, жол толук бөгөлүү болгондуктан жете албай кайра тартышканын билдирген.

Кар көчкү кырсыгы баскандарга Ош облустук мамлекеттик акимчилиги жылуу кийимдерди, тамак-аш продуктуларын жана 60 миң сомдук жардам бөлгөн. Телефон менен алынган маалымат боюнча Сарыбээде көчкү баскан жана басышы мүмкүн делген үйлөрдөн адамдар бүт чыгарылып, туугандарыныкына киргизилген.

Күтүүсүз кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болот Айдаралиевдин 3-февраль күнү кечинде Ошто туруп кошумчалаган маалыматы боюнча, бул жерде дагы бир автомашина толо гум жардам даярдалып коюлган ала кеткенге. Оору-сыркоолорду Каракулжанын же Оштун ооруканасына ала келүү белгиленүүдө. Кыргыз өкмөтү тарабынан ар бир өлгөн жаран үчүн алардын жакындарына 5 миң сомдон, ал эми үйлөрүнөн көчүрүлгөн 22 үйбүлөнүн ар бирине 2 миң сомдон акча бөлүнгөн. Эртең ал жардамдар да тапшырылат.

Сарыбээ кыштагында набыт болгондордун тууганы, Ош шаардык «Ош шамы» гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаев кар көчкүгө байланыштуу тынчсыздана турган маселелер дале көп деп эсептейт:

-Кар көчкүдөн каза болгондор – менин туугандарым. Жол ачылбай – дале батага бара элекпиз. Бир үйбүлөнүн атасы, апасы, эки баласы мерт болуп олтурат. Менин айтаарым, тез аранын ичинде жолду кадимкисиндей ачып, элге шарт түзүп бериш керек. Ал жерлерде дайыма катар-катар тракторлор туруш керек. Бийликтин бир барып-келип койгону эч нерсеге жарабайт. Дагы эле кар көчкү түшө турган кооптуу жерлер бар деп атышат. Ошолордун да алдыналыш керек!

Эгер мүмкүндүк болсо, Сарыбээге кеткен бийлик өкүлдөрү түнү менен кайтып келүү аракетин кылышат.

XS
SM
MD
LG