Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

МАГАТЭ ИРАН МАСЕЛЕСИН БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНЕ ӨТКӨРДҮ


Венада чогулган МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Ирандын талаштуу өзөктүк программасын Улуттар уюмунун Коопуздук кеңешинде караштыруу маселесин колдоп добуш беришти. Дипломаттардын айтымында, бул күнкү резолюцияга ылайык, Тегеран бир ай ичинде МАГАТЭ менен толук кызматташа баштабаса, Коопсуздук кеңеши тарабынан Иранга каршы санкциялар кабыл алынышы ыктымал.

Ишембиде Венадагы жыйында Иран маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешинде караштыруу чечими кабыл алынганын Британиянын МАГАТЭдеги элчиси Питер Женкинс билдирди.

-Бул Иран Ислам Республикасы үчүн катаал эскертүү. Бул чечим – Ирандын январь айынан берки аракеттеринин тегерегиндеги тынчсыздануулардан жана Ирандын атомдук ишмердигине ишеничтин жоктугунан улам кабыл алынды.

Ирандын атомдук программасын Коопсуздук кеңешинде караштыруу чечимин МАГАТЭге мүчө 35 өлкөнүн 27си колдоп, үчөө каршы, дагы бешөө калыс добуш беришти. Резолюцияга ылайык, МАГАТЭ бир ай ичинде Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча кеңири доклад даярдайт, ага чейин Тегеран Улуттар уюмунун агенттиги менен толук кандуу кызматташтык ниетин көрсөтпөсө, Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкциялар кабыл алышы мүмкүн. МАГАТЭнин жаңы доклады жарыяланмайынча, Коопсуздук кеңеши Иран багытында эч кандай аракет жасабайт. Дилпоматтардын айтымында, бул чечим Батыштын пикирине каршы болуп келген Москва менен Бэйжинди жибиткен мунаса резолюция болду.

МАГАТЭнин чечими жарыяланаар замат Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөгү башкы чабарманынын орун басары Жавад Ваиди буларды билдирди.

- Иран Ислам республикасы маселе Коопсуздук кеңешине өткөн соң, өлкө парламенти былтыр бир добуштан кабыл алган чечимге баш ийип, өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимине кошулуу протоколун жокко чыгарууга аргасыз, - деп билдирди Тегерандын ырасмий өкүлү. Иран ошондой эле Орусиянын уранды биргелешип байытуу жөнүндөгү сунушу жокко чыкканын бышыктады.

Дипломаттар Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кырдаал курчуп кеткенин, бирок Тегеран алдыдагы бир айлык мөөнөттү пайдаланып, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жазалоо чараларын алдын-алуу мүмкүндүгүн колдон чыгарбашы керек деп айтууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG