Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛДЫ СОЛКУЛДАТКАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШПИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке жолдогон 3 - февралдагы кайрылуусунда парламент өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо келтирген булакка айланып баратат деген пикирин билдирди. Өлкөдөгү саясатчылардын бир бөлүгү президенттин мындай көз карашына кошулса, бир бөлүгү ага макул эмес.

Президент Жогорку Кеңешке жасаган кезексиз кайрылуусунда соңку мезгилде парламент өлкөнүн стабилдүүлүгүнө кандайдыр бир коркунучтуу жагдайларды пайда кылуучу булакка айланып баратат деген пикирин билдирген:

Жогорку Кеңеш барган сайын саясий чыр-чатактардын чордонуна айланып, өлкөдө дестабилдешүү жагдайды пайда кылган булакка айланып баратат. Мен кайсы региондордо болбойун – мага эмне үчүн парламент президент менен өкмөткө иштөөгө тоскоолдук кылып жатат? Эмне үчүн парламенттин таркатып жибербейсиңер? Деген суроолор берилет. Мен кайсы жерге байбайын, бул суроолорду угамын , - деди Курманбек Бакиев.

Жогорку Кеңештин спикери Өмурбек Текебаев жана башка бир катар депутаттар мамлекет башчынын мындай билдирүүсүн өлкөдө орун алып жаткан кризистик жагдайга күнөөнү парламентке койуу аракети катары баалашты.

-Эми азыр өлкөдө орун алып жаткан мыйзамсыздыкты, криминалдык элементтердин курчуп кетишин, экономикалык өсүүнүн токтоп калышын жана башка терс көрүнүштөрдүн баарын кимдир бирөөгө койуу керек болуп жатат. Ошондой күнөөнү Жогорку Кеңешке жүктөө башталды деп ойлойм,- деди депутат Темир Сариев.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдразаковдун айтымында парламентти дестабилдештирүүчү булак катары кароого болбойт:

-Жогорку Кеңештин ишинде, албетте, кемчиликтер көп. Азыр өлкөдө оор абал орун алып турган мезгилде алар өздөрүнүн кызыкчылыктарын эмес, элдин мүдөө-талаптарын көбүрөөк ойлошсо болмок. Бирок, депутаттар менимче, өлкөдө кандайдыр бир тартип болсо, мыйзамдуулук болсо деген ойлорун айтып жатышат. Эми депутаттар өздөрүнүн ойлорун айтса эле аларды дестабилдештирүү фактор катары кароого болбойт .


Бир катар бейөкмөт уюмдардын көз карашында, президенттин мындай билдирүүсунөн кийин, парламентти таратуу маселеси кайрадан күчөшү да ыктымал. Ошону менен бирге алар эгерде парламент таратылса, өлкөдө саясий кризис орун алышын да болжолдошууда. Ал эми «Элет» партиясынын төрага орун басары Ташполот Балтабаев белгилегендей, парламент өзүнөн «силер мыйзам бузуулар менен депутат болгонсуңар» деген чиркөөнү алып салуу үчүн эл азыркы парламентке ишенеби же анын таркатылышын каалайбы – бул маселени референдумга алып чыгышы керек.


Айрым серепчилер белгилешкендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган, мамлекеттеги абалды дестабилдештирүүнү көздөгөн күчтөр чындыгында эле бар. Бирок, мындай күчтөр катарында соңку учурда өз ишмердүүлүгүн активдештирип жаткан диний-экстремисттик топторду, уюшулган кылмыш топторун жана башка күчтөрдү айтса болот.

Президент Бакиев Жогорку Кеңешке кайрылуусунда ошондой эле депуттардын көпчүлүк бөлүгүн 3-4 депутаттын аркасынан ээрчигендигинде күнөөлөдү:

-Депутаттар Конституцияны, мыйзамдарды бузуп жатышканын билишет. Бул спикер тарабынан колдоого алынып, көпчүлүк депутаттар аларга унчукпай туруп, макулдугун билдирип жатышат. Мындай спектакль кимге керек? Анын уюштуруучуларынын максаты эмнеде? Бул спектаклди 3-4 депутат жана өкмөттөн 1-2 адам уюштуруп жатат. Калганыңар аларды ээрчип кетип атасыңар. Калган депутаттарды кукловоддор катарында алар пайдаланып жатышат. Эмне үчүн төрага унчукпайт? Чоң кыйынчылык менен сакталып калган Жогорку Кенеш кандай оюнга тартылып жатат? .

Президент Бакиевдин минтип айтканы кээ бир саясатчылардын пикиринде, азыркы парламенттин көпчүлүк депуттары эмдигиче өз позициясын билдирбей, мыйзам чыгаруу жараяндарына жигердүү катышпай келгендигине да байланыштуу болду. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкө башчынын мындай сөздөрүн коркутуп-үркүтүү катары баалашты. Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозбек Дүйшеев болсо, депутаттар президенттин айткан сөздөрүнөн жыйынтык чыгарууга тийиш деп эсептейт:

Азыркы парламенттин көпчүлүгү жалаң өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлошот. Анткени, алардын басымдуу бөлүгү мыйзам бузуулар менен, таза эмес жол менен шайланган. Азыркы парламентте тазалык барбы деген маселе дагы деле курч турат. Ошондуктан, президенттин мындай катуу айткан сөзүнөн парламент тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек. Парламент чындыгында эле айрым учурларда президенттин, өкмөттүн ишине тоскоолдук кылып жатат .

Ал эми парламенттин төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттин Жогорку Кеңештин иши боюнча айтылган сын-пикирлерине карата эки аптанын ичинде жооп берилет деп билдирди.

XS
SM
MD
LG