Мына ошондой өкүмдүн бири үстүдө жылдын 26 январында «мурдагы автоинспектор Алексей Михеевге орусиялык бийлик 250 миң евро (же 300 миңден ашуун доллар – ММ) акча төлөп берсин»- өкүмү болгон. Ал жерде: «орусиялык тарап тергөө үстүүдө аны (Михеевди – ММ) кыйноого жол берген, иликтөөнү создуктурган жана мындай көрүнүштөр адам укуугу боюнча Европалык Конвенцияда жазылган талапка дал келбейт», - деп айтылган.
Окуя 1998-жылы болуптур. ГИБДД кызматкери болуп турган Михеев бир аялды зордуктап көзүн тазалап салган айыбы менен кармалат. Тергөө учурунда токмок жеп кыйноого алынат. Ага чыдабаган Михеев өз жанын өзү кыюу максатта үчүнчү кабаттан жерди карай бой урган. Бирок тирүү калыып белин кокустатып алган жана ошондон тартып ордунан тура албас майыпка айланган. Ал өлтүрдү деген аял аман эсен табылган. Ошондо Михеев бийликти сотко берген, бирок 6 жыл бою анын доо арызы каралган эмес. Акыры ал адам укугун коргочу европалык сотко доо арыз жиберүүгө аргасыз болгон.
Бул маселе боюнча анализчилер айткан ойдун көбү орусиялык сот системасынын бийликке көзкаранды болуп кетиши болууда. Маселен адвокат Александр Афанасьев айтканга караганда: «Өлкөдө Страсбургадагы сотко доо арызын жолдоп ал жактан адилеттик издөө адаты - орусиялык соттордун ишти териштирүүдө мамлекеттик сот ишин жүргүзүү негиздерин системалуу түрдө бузуп келатышынан улам болуп атат».
Ошол эле учурда өлкөдө соттун ишине саясий агымдар таасири да артып баратканын улам айтышууда. Нижний Новгород калаада жума күнү (3 феврал – ММ) райондук сот Дмитриевский үстүнөн өкүм чыгарар күнү ал жерде эки жаат болуп пикетке чыгуу болду. Адам укугун коргоочулар жан бийлик тараптык «Наши» («Биздикилер» - ММ) кыймылынын жааттары пикет өткөргөн. Би-би-си үналгысына «Биздикилер» кыймылынын жергиликтүү бөлүгүнүн жетекчиси Сергей Малиновский айтканга караганда: «Ишкердиги террордук бандага тийиштиги бар кишилердин кайрылуусун басылмага баскан кишини, биз, террордун курманы болгондор астында чыккынчылык кылгандык деп эсептейбиз», - деген.
Мунун себеби, «Правозащита» гезитинин редактору Станислав Дмитриевский кезегинде, Ахмед Закаевдин орусиялыктарга жана Аслан Масхадовдун – Европалык өкүмөткө кайрылуусун гезитине жарыялаган экен. Ошол үчүн ал 3 февралда эки жылга шарттуу түрдө жана андан соң төрт жылга сыноодо болуу үчүн кесилди.
«Азаттыктын» кабарчысына айткан жообунда Дмитриевский адилеттик үчүн күрөшүү дагы да алдыда экенин жашырбады:
«Албетте, биз конституция тартиби боюнча Нижегороддук обулустук сотко доо арызы менен кайрылабыз. Эгерде ал сот азыркы өкүмдү четке какпайт экен анда доо арызды Европалык адам укугун коргоо сотуна жолдойбуз», - деди жергиликтүү басылма жетекчиси.
Мындай көрүнүштү «өкүмөттүк эмес уюмдарга чабуулдун башталашы» деген да анализчилер бар.