Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

“САХНА” ТЕАТРЫ “МАКТЫМ-ДАСТАН” СПЕКТАКЛИН ТАРТУУЛАДЫ


“Сахна театры жаңы спектаклдин премьерасын көрсөтүштү. “Калемгер” адабий клубу өткөн жылы мыкты аңгемелер үчүн адабий сынак жарыялады. Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде фото журналистердин көргөзмөсү ачылды.

Узап бара жаткан аптанын бейшембисинде “Сахна” театрынын артисттери “Мактым-дастан” аттуу спектаклдин премьерасын тартуулашты. Спектаклде ойроттор менен кыргыз элинин ортосундагы кагылыш, Ак-Мактым сулуунун турмушу чагылдырылган. Аталган оюн Алымкан Дегенбаеванын варианты боюнча коюлган. Маданиятты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын колдоосу менен 2003-жылы“Кенже эпостордун көчмөн театрда кайра жаралуусу” деген долбоор иштелип чыккан. “Сахна” театры мына ошол долбоордун негизинде үч жылдан бери кенже эпосторду сахна өнөрү аркылуу театр күйөрмандарына тартуулап келишет. Жогоруда сөз болуп өткөн “Мактым-дастан” спектакли аталган театрдын үчүнчү оюну. Сахнанын репертуарындагы алгачкы “Керээз” спектакли 2003-жылы көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп, “Арт-Ордо” фестивалында гран-прини жеңип алган. Экинчи “Курманбек” аттуу спектакли менен 2004-2005-жылдары Кыргызстандын түштүк аймагына жана коңшулаш Казакстанга гастролго чыгышкан. Жакынкы күндөрдө Ташкенттеги “Ильхом” театрынын 30жылдык мааркесине арналган театралдык фестивалга сапар алганы турушат.

Жума күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде фото журналистердин көргөзмөсү ачылды. Ал көргөзмөгө 13 сүрөтчү катышып, 2005-жылдагы өлкөбүздүн коомдук жана маданий турмушун чагылдырган эмгектерин коюшту. Көргөзмөгө катышкан фотожурналист Артур Болжуров сүрөтчүлөр үчүн мындай көргөзмөлөрдүн өтүп турушу жакшы натыйжа берет экендигин айтты.

“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу өткөн жылы мыкты аңгемелер үчүн адабий сынак жарыялап, анын жыйынтыгында “Булак” аттуу ангемелер альманахын басып чыгарышкан. Мына ошол ангемелер жыйнагы жылына чыгып турсун деген максат менен аталган клуб быйыл дагы республикалык деңгээлде сынак жарыялашты. Сынактан тандалып алынган чыгармалар китеп түрүндө жарыкка чыгып, андан сырткары акчалай сыйлыктар тапшырылат. Маселен аңгемелер жанры боюнча биринчи байгеси беш миң сом, экинчи байгеси үч миң сом, үчүнчү байгеси эки миң сом. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылмакчы. “Калемгер” клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулунун айтымында соңку убакта
адабиятка жетишеерлик көңүл бурулбай калган.

-Адабиятка аз көңүл бурулуп, прозаиктер жоголуп бара жаткандыгына байланыштуу “Калемгер” адабий клубу эки жылдан бери мына ушундай иш чараларды өткөрүп келет.

Көркөм чыгармалар үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынат, сынак профеционал адабиятчылардын кеңеши менен жыйынтыкталат деп кошумчалады “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу.
XS
SM
MD
LG