Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

МУКАМБЕТ ПАЙГАМБАРДЫН ЫЙЫК ЭЛЕСИ ЖАНА СӨЗ ЭРКИНДИГИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Ооганстанда бүгүн Мукамбет пайгамбар элесине тартылган азил сүрөткө нааразы болгон көпчүлүк акция өткөргөн. Көчөгө чыккандар менен полиция кагылышып бир киши кайтыш болуп, төрт киши жарадар болушкан. Ушундай эле демонстрациялар Индонезияда, Тайландда да өткөн. Алар Мукамбет пайгамбарга азил сүрөттү биринчи болуп жарыялаган Даниянын элчилигинин алдында өткөрүшкөн. Мурунку күнү Ливанда даниялык дипломатиялык өкүлчүлүк имаратын өрттөп, анын да алдыңкы күнү Сирияда кайсы бир элчиликтерге кол салуу болгон.

Окуя даниялык «Жуландс постен» (Jyllands – Posten) гезиттин балдар үчүн жазылган Мукамбет пайгамбардын өмүрү тууралуу китепке конкурс жарыялоодон башталыптыр. Ага кыркка чукул сүрөтчү катышыптыр. Редакция анын ичинен 12 автордун ишин жарыялоону туура көрүптүр. Бир сүрөттө Мукамбет пайгамбар ысмы берилген кейипкердин башында селде ордуна бомба тартылган экен.

Орусиялык анализчилер баамында мусулмандар ызасын келтирген көрүнүш ошол бомба түрүндөгү чалма дешет. Ошондой болсо да өлкө мусулмандары мындай көрүнүшкө сабырдуулук менен мамиле жасаганы байкалууда. Махачкалада гана даниялык гезит жарыялаган азил сүрөттөн улам мурунку аптада исламга таат кылгандар нааразылык акциясы өттү.

Азыркы тушта орусиялык мусулмандар эсебин бирлери 20 миллион дешет. Мукамбет пайгамбар ыйык элесин мазактоо боюнча жазалган аракетти орусиялыктар кыжырдануу менен кабылдашууда дешет.
-«Орусиялык мусулмандар маалымат каражаттардын сөз эркиндигине укуктуу экенин сыйлайт, бирок алар моарлдык-этикалык негиздерди, коомдогу бардык өкүлдөр баалуулугун сыйлап сакташы керек деп эсептейт», - деди Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин.

Чеченстан өкүмөтүнүн милдетин аткаруучу Рамзан Кадыров «сөз эркиндиги менен кандай динге болсо да жол коюу негизин сыйлоону ачыктан ачык цинизм менен чаташтырбоо зарыл» деп белгилеп Батышка кайрылган.

Орусиянын Азия тарбында мусулмандар жогорку муфтийи Назифулла Ашыровдун пикири боюнча бул жорук түркөйү адамдардын колунан келген иш. Анын азгырыгына кирбөө керек:

«Мусулмандар өздөрүнүн ыйыгы үчүн (башкалардын – ММ) маскаралык мамилесин абдан көөн оору менен кабылдашат. Түркөй адам канча келекелебесин ал алардын баркын кетире албайт. Эмне дегенде ал (пайгамбар Мукамбет – ММ) улуу адам, Куран – улуу китеп», - деген Ашыров мырза Би-би-си үналгысына.

Мукамбет пайгамбардын ыйык элесине тил тийгизген түркөйлөр атына каргыш айткандар орусиялыктар арасында кыйла бар дешет. Башка дин жетекчиликтери атайын билдирүү жасашы буга күбө дешет. Бүткүлорусиялык православие аркалаган «Радонеж» жетекчиси Евгений Никифоров бул жоруктан улам исламчылар Бесланда же Норд Остто жасаган катаалчылыгын эске алат.

«-Биз мусулмандар менен бул жерде тилектешпиз. Эмне дегенде мунун кудайга ишенбеген, кулк мүнөзү бузулган түркөйлөрдүн дин ыйыгына карата жазаган кезектеги чабуулу экени айтпаса да көрүнүп турат», - дейт орусиялык православие төбөлдөрүнүн бири.

Азил сүрөт тартуу боюнча чыгаан орусиялык сүрөтчү Константин Коксовдун пикири боюнча даниялык басылма жарыялаган сүрөттү «азил деп эсептөө туура эмес. Ал кадимки эле академиялык ык менен тартылган олуттуу сүрөт. Кеп анын азил же так тартылышында эмес кеп – диндер арасында мүдөөдө жатат».

«Извеcтияга» чыккан макалада «Орусиялык мусулмандар 70 жылдык мамлекеттик атеизмди башынан өткөргөндүктөн исламдын негиздерин жакшылап билишпейт», - деп жазылыптыр. Анализчилер чөйрөсүндө болсо «орусиялыктар сөз эркиндигин көздүн карегиндей сактагылары келет, ошол себептен алар башкаларга ошончо эле окшош эмес», - дегендер да бар.
XS
SM
MD
LG