Мухаммед пайгамдарды шылдыңдаган сүрөттөр менен байланыштуу митинг-демонстрациялар кечээ күнү Ирак, Иран, Ооганстан, Индонезия жана Жакынкы Чыгыш мамлекетеринде болуп өттү. АКШ менен Бириккен Улуттар жана Европа Биримдиги андай аракеттерди сынга алды. Британиянын ички иштер министри Чарльз Кларктын айтымында, басма сөз эркиндиги эч нерсеге алмаштырылбаш керек: "Даниянын же башка европалык мамлекеттердин элчиликтерине жасалган чабуулдарды эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес. Мындай каршылык азил сүрөттөрдөн улам чыкканын биз түшүнөбүз, бирок сөз эркиндиги дагы урматталыш керек. Башка адамдардын пикирин, алардын динин дагы сыйлаш керек," - деди Кларк 6-февралда. Диний жетекчилердин европалык кеңеши кечээ күнү азилдерди жарыялаган гезиттерди дагы, митинг уюштургандарды дагы сынга алды.