Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

«Кыргызполиграфкомбинаттын» жамааты кайрадан пикетке чыкты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин алдына бүгүн «Өмүрбек Шаршеналиевди бошоткула», «Югай 3 млн сомдк кайтарып берсин!» деген плакаттарды көтөргөн жыйырмадай адам чыгышты. Алар талабы аткарылмайынча, нааразылык чараны уланта беришээрин билдиришти. Алардын пикиринде Полиграфкомбинаттын жетекчиси Өмүрбек Шаршеналиевдин Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынып, ага ири өлчөмдө мамлекеттик каражатты уурдаган деген күнөө негизсиз коюлган. Шаршеналиевдин жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү да өтүнүшүүдө. Ошол эле учурда комбинаттын кызматкерлеринин бир бөлүгү Шаршеналиевди камакка алуунун негизи бар деген пикирде. Өмүрбек Шаршеналиев 2-февралдан тарта Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалууда.

XS
SM
MD
LG