Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

АКШнын ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ КӨЗӨМӨЛ ПРОГРАММАСЫН КӨШӨРӨ КОРГОДУ


Дүйшөмбү күнү, АКШда Сенат террорчулар менен алакасы бар шектелген адамдарга көзөмөл жүргүзүү боюнча өкмөттүк программанын мыйзамдуулугун териштирди. Бирок Кошмо Штаттардын 1978-жылы эле кабыл алынган мыйзамы өлкөнүн ичинде соттун уруксатысыз тыңчылык кылууга тыюу салат. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш мамлекет башчысынын Конституцияда каралган ыйгарым укуктары жана Сенаттын 2001-жылдагы терракттардан кийин Ооганстанда "ал-Каидага" каршы согуш ачууга жол ачкан резолюциясы ага ошол мыйзамды айланып өтүүгө мүмкүндүк берерин айтып келе жатат.

АКШ Сенатынын юридикалык комитетиндеги угууда президент Жорж Буштун буйругуна ылайык жүргүзүлүп келген программа боюнча өлкөнүн юстиция министри Альберто Гонзалес түшүндүрмө берди. Сенаттын аталган комитетинин төрагасы Арлен Спектр - президент Буш сыяктуу эле Республикалык партиянын өкүлү. Бирок ал телефон байланыштарды тыңшоо боюнча программанын мыйзамдуулугунан күмөн санап жатканын билдирди. Сенатор министрге төмөнкү сөздөр менен кайрылды:

- Силер туура кылдык деп ойлоп жатасыңар. Бирок, көп адамдар муну туура эмес деп эсептейт. Коомдук ишенимдин маселеси катары эмне үчүн муну сотто кароого болбойт. Эгер силер туура деп эсептесеңер, анда эмнени жоготосуңар.

Ал эми министр Альберто Гонзалестин түшүндүрмөсүнө караганда, АКШ администрациясы "ал-Каидага" каршы согушта бардык мыйзамдуу ыкмаларды колдонууда. Конституцияда каралган жоболор, Конгересс кабыл алган бир нече мыйзамдар президентке башкы командачы катары ички көзөмөл программасы боюнча чечим чыгарууга укук берет:

-Террорчуларга көзөмөл салуу боюнча программа бардык жагынан мыйзамдуу. Биз өзүбүздүн жазуу жүзүндөгү анализибизде кеңири түшүндүрмө бергендей, президент Буш Конституцияда жана мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде аракеттенүүдө.

АКШнын юстиция министри андан ары программа айрымдар ойлогондой ниети жаман иш эмес экенине токтолду. Аны жүргүзгөн, эл аралык байланыштарга байкоо салуучу Улуттук коопсуздук боюнча агенттик өтө жашыруун мекеме болгондуктан кимдир бирөө олуттуу жүйөөсү жок туруп эле тыңшоого алынбасын кепилдээрин белгиледи:

-Программа Улуттук коопсуздук агенттигинин кесипкөй адисинде байланышып жаткан тараптардын бири "ал-Каида" же ага шериктеш террорчул уюмдун мүчөсү экендиги боюнча олуттуу бир негиз болгондо гана иштейт.

Сенаторлордун экинчи бири Патрик Лейки талкуунун жүрүшүндө президентте мыйзамга каршы келген бул программаны Конгресстин макулдугусуз баштоосуна эч муктаждык болбогонун айтып чыкты. Анын көз карашында, 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Буш Конгресске тиешелүү мыйзамды өзгөртүү өтүнүчү менен кайрыла алмак, Конгресс деле буга көнмөк. Бирок президент бир тараптуу аракеттенди:

-Эгер силер жаңы мыйзам керек деп эсептесеңер, келип бизге айткыла да. Эгер Конгресс макул болсо, биз мыйзамды өзгөртөбүз. Силер жада калса, Конгрессти мыйзамды өзгөртүүгө ынандыруу аракетин да жазабадыңар. Демек мыйзамда жазылгандай талапты аткарышыңар керек болчу.

Айтор бул - АКШ Сенатынын жогорудагыдай ишти биринчи эле ирээт териштирип жатышы эмес. 1975-жылы Геральд Форддун президенттиги учурунда Сенаттын атайын комиссиясы өлкө ичинде дээрлик 10 жылга жакын жүргүзүлгөн тыңчылыкты иликтеген. Анда да азыркыдай болуп республикачылар демократтарды өкмөттүн өтө жашыруун прогрммасын шардана кылганы үчүн, ал эми демократтар Ак үйдү америкалыктардын граждандык эркиндиктерин тебелегени үчүн айыптаган. Ошол талаш-тартыштар 1978 – жылы Тышкы чалгынга көзөмөл акты деп аталган мыйзамдын кабыл алынышына алып барган эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG