Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

КАРАЛООЧУ МАКАЛА КАЙДАН ЧЫКТЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Президент Курманбек Бакиевди каралоо аркылуу анын колунан бийликти жулуп алуу операциясы өткөн аптада «Эркинтоо» гезитинде жана «Акипресс» маалымат агенттигинде жарыяланган. Ал депутат Кубатбек Байболовдун жардамчысынан алынган материал катары берилген. Кубатбек Байболов бул жалган документтин булагы катары президенттик администрацияны айыптоодо. Президенттин администрациясы өз кезегинде мындай дооматты чендетпей четке кагууда.

«Эркинтоо» гезитинин 3-февралдагы санында «Ыңклап кылабыз деп ыңаалагандар кимдер?» деген аталыштагы макалада Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү үчүн өлкөдөгү саясий кырдаалды пайдалануунун жол-жоболору жазылган. Мисалга алсак, анда өлкөдөгү бардык окуяларды дал президенттин түздөн-түз күнөөсү катары алып чыгуу, президенттин айланасындагыларды дайыма чыңалууда кармап, келечекте бийликке келээр менен колдоо болоорун убадалоо аркылуу аларды оппозициянын адамдары менен кызматташууга акырындап аргасыз кылуу, президенттин үй-бүлөсүнө жана ага жакын жүргөндөргө каршы коомчулуктун кыжырдануусуна жетишүү, бийликке ачык умтулбай, коомчулук үчүн президенттин терс жактарын гана көрсөтүп, ушуну менен чындыктын тарапкери катары көрүнүп, бара-бара коомчулукка кеңири таанылуу аркылуу бийликке келүү пландары жазылган. Депутат Кубатбек Байболов аны президенттик администрация уюштуруп чыгарды деп ойлоп жатканын «Азаттыкка» айткан сөзүндө билдирди:

«Бул документ Ак үй тарабынан даярдалган. Ага менин тиешем жок. Бул эми мурдагы, Акаевдин мезгилинде пайдаланчу ыкма да. Бирок, алар ушундай каралама ыкмаларды пайдаланышса, мен да ошондой жолго барууга аргасыз боломун. Азыркы провокациялар, өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуу Ак үй тарабынан, анда отурган чиновниктер тарабынан башталып жатат. Ошондуктан, азыр кырдаал опурталдуу болуп турат»,-дейт Кубатбек Байболов.

Президенттин администрациясы өз кезегинде «Акипресс» маалымат агенттигинин интернет-сайтында жана «Эркинтоо» гезитинде жарыяланган материалдарга такыр тиешеси жоктугун белгилөөдө.

«-Андай документ президенттин администрациясы тарабынан даярдалган эмес, даярдалышы да мүмкүн эмес. Администрацияда андан башка иштер көп», - деп билдирди «Азаттыкка» мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмеси депутат Кубатбек Байболов жетектеген Демократиялык күчтөрдүн коалициясына кирет. Бул бирикменин жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, азыркы бийликти жаманатты кылуу пландары камтылган мындай документ жалданма политтехнологдор тарабынан даярдалган:

«Эми бул документ кимдер тарабынан жазылганын билбейм, бирок, ошол жалданган политтехнологдор тарабынан даярдалган. Мен буга депутат Кубатбек Байболовдун тиешеси бар деп эсептебейм. Бирок, анда азыркы кырдаал так чагылдырылган. Ошондуктан, аны президент Бакиев туура кабыл алышы керек».

Билим, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулу чындыгында эле бардык терс көрүнүштөрдө президентти күнөөлөө аркылуу бийликке жетүүнү көздөгөн күчтөр бар деп эсептейт:

«Азыр өлкөдө бийликтин кемчиликтерин издеген, катачылыктарын көбүртүп-жабырткан күчтөр бар. Алар администрацияда да, өкмөттө да, парламентте да бар. Атүгүл алар 24-марттагы ыңкылаптын бир жылдык маарекесин тескери пайдаланганга аракет кылган да күчтөр бар. Алардын башында саясий күчтөр турат».

Айрым саясатчылардын пикиринде, эгерде азыркы бийликтин кемчиликтерин айтуу менен саясий күрөш жүргүзүү саясаттагы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
«-Эми бул документ карапаймы элге эсептелген. Эмне үчүн саясатчылар, саясий партиялар, саясий блоктор бийликке умтулбашы керек? Саясат – бул бийликке келүүнүн куралы катары каралат да. Анын эмнеси жашыруун? Ошондуктан, бул документ болгон кезде да, андан кылмыштуу жагдайларды издөөнүн кажети жок,- деди «Элет» партиясынын төрага орун басары Ташполот Балтабаев.

Депутат К. Байболов «Эркинтоо» гезитин жана «Акипресс» маалымат агенттигин сотко бербей тургандыгын билдирди. Анткени, бул маалымат каражаттары жарыяланган маалыматтарды төгүнгө чыгарышып, депутаттан кечирим сурашты.

XS
SM
MD
LG