Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү АКШга барышат


БИШКЕК. Конституциялык кеңешменин 20 мүчөсү АКШга конституция жана демократиянын негиздери боюнча он күндүк окууга ишемби күнү жөнөп кетишет. Бийлик тарабынан Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Байболов, Марат Султанов, “Интербилимдин” жетекчиси Асия Сасыкбаева жана башка саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Кыргызстан ишкерлер ассоцациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдырахманов 8-февралда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык делегация Вашингтон, Нью-Йоркто АКШнын белгилүү саясатчылары менен жолугшат. Даллас шаарындагы университетте Конституция боюнча жана демократиялык багыттарга байланыштуу семинарга катышышат. Алардын бардык чыгымдарын АКШ конгресси көтөрө турган болду.

XS
SM
MD
LG