Кошмо штаттардын коргоо министрлиги - Пентагон аскерий маселелерге арналган иликтөөсүн ар төрт жылда бир жарыялап турат. Соңку иликтөөнүн авторлорунун пикиринде, Орусия азыр өз өнүгүүсүнүн өткөөл этабында турууда. Ал эми АКШга жана анын союздаштарына масштабы менен ыргагы жагынан кансыз согуш доорунда, Советтер союзунун учурундагыдай коркунуч туудурары арсар.
Пентагондун соңку иликтөөсүндө чыгарылган жыйынтык - келечекте Кошмо штаттардын негизги аскерий атаандашы Кытай экендиги. Кытай жаңы технологияларды тездик менен өздөштүрө баштагандыгы ал 2003-жылдын октябрында космоско адам башкарган алгачкы кемесин учурганда эле анык болгон. Кошмо штаттар да Кытайдын техникалык жетишкендиктерине кылдаттык менен байкоо салып келүүдө.
Расмий Пекин болсо Пентагондун жоромолун негизсиз деп четке какты. Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Кунг Чуандын айтымында, Вашингтондун аскерий коркунуч жөнүндөгү баасы - жоктон бар жасагандык жана коомдук пикирди чаташтырат.
Анткен менен эл аралык изилдөөлөр боюнча Париждеги борбордун аналитиги Жанн Филлип Беджандын айтымында, Кытайдын экономикалык кубатынын тездик менен артып жаткандыгы аны АКШга атаандаш кылаары айныксыз:
-Эл аралык мамилелердеги чыныгы теория мындай кырдаал кеминде коркунуч менен карама- каршылыкты алып келет деп ырастоодо. Мындай күчтүн жаралышы бийликтин азыркы балансын бузат жана ал өзүн аскерий жактан чыңдоого аракеттенет.
Кандай болгон күндө да Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, Кытай өзүнүн аскерий бюджетинин чыныгы көлөмүн жашырып келүүдө. Пекин бул максатта жылына 30 миллиард доллар коротулат деп ырастайт. Бул АКШныкы менен салыштырганда кыйла аз. Бирок Пентагондун эсептөөлөрү боюнча Кытайдын аскерий бюджети жылына 90 миллиард долларга жетет.
Айткандай эле Кытай армиясы жаңы технологияларды көп өлчөмдө сатып алып жатканы жашыруун эмес. Бул жагынан ал Орусиянын башкы кардары болуп эсептелет. Маселен 2004-жылы эле Кытайдын Орусия менен ракеталык системаларды, суу алдында, үстүндө жүрүүчү кемелерди, учактарды сатып алуу боюнча соода келишимдери 2 миллиард долларды түзгөн.
Кытайдын акыркы жылдары чөлкөмдүк гана эмес, балким дүйнөлүк лидерге айлана башташы, албетте анын коңшуларына да таасирин тийгизүүдө. Франциялык аналитик Жанн Филлип Беджан:
-Чыгыш Азиянын чыныгы проблемасы- ири державалык статуска эки талапкер бар экендигинде. Албетте, Жапония экономикалык жактан, иш жүзүндө аскерий жактан да күчтүү. Маселе - Кытай менен Жапониянын ич-ара алакасы кандай болорунда.
Учурда Токио менен Пекиндин алакасы соңку бир нече жылды эске алганда, эң начар абалда. Эки ортодо көптөгөн талаш-тартыштар, Кытай тарап ырастагандай, айрыкча Жапония аскерлеринин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кытайда жасаган кылмыштарына байланыштуу орун алды.
Азыркы жапон өкмөтү аскерий бюджетин жашырган Кытайдан коркунуч бар деп эсептейт. Бирок эксперттердин пикиринде, жетекчилик жаңыланса, жапон - кытай алакасы жакшырышы мүмкүн.
Азиянын дагы бир калктуу өлкөсү - Иран менен болсо Кытай көптөн бери достук мамиледе. Аскерий жактан алар өнөктөш катары каралбаганы менен алыска, 2000 чакырымга чейин учуучу ракеталарды жасоодо Тегеранга дал ушул Кытай жардам берди деп шектелет. Айрым маалыматтарга караганда, Иран азыр ошол узакка учуучу ракеталарды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жарамдуу кылуунун үстүндө иштөөдө.
Бирок Кытай эми Тегеран менен достугунун чегин аныктай баштагандай. Себеби МАГАТЭ уюмунун жакындагы жыйынында ал АКШ, Орусия, Европага кошулуп, эгер Иран өзөктүк программасын ачыктабаса, анын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине өткөрүү жөнүндөгү чечимди колдоду.