Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

ПРЕЗИДЕНТ БУШ СЕНАТОРЛОР МЕНЕН ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТАРДЫ БӨЛҮШМӨК БОЛДУ


Президент Жорж Буш өлкө ичиндеги чалгындоо программасы жөнүндө маалымат алган конгрессмендердин санын бир кыйла көбөйттү. Тышкы чалгынды көзөмөлдөө мыйзамы боюнча АКШ ичинде шектүү көрүнгөн адамдарды аңдуу үчүн өкмөтө атайын соттун уруксаты керек. Айрым конгрессмендер береги программа конституцияга каршы келет дешүүдө. Бирок, президент Буш программа тууралуу конгрессмендер көбүрөөк билишсе, күдүктөнүүсүн коюшат деген ишеничте. Ага карабай, республикачыл сенатор Арлен Спектер террорчу деп шектелген адамдарды байлоого алуу үчүн соттун чечми керек деп, Ак Үйгө кысымды күчөтүүдө.

Конгресстин айрым мүчөлөрү Ак Үй сунуш кылган АКШ ичиндеги байланыштарды көзөмөлдөө программасы башмыйзамга каршы келет деп, ага каршы. Ал эми Жорж Буштун сөзүнчө, президенттин бийлик укугу шектүү, анын ичинде терррорчу деп күмөн түшкөн адамдарды соттун чечими жок туруп, байкоого алууга толук мүмкүндүк берет. Сенат 2001-жылкы сентябрда болгон теракт окуядан кийин Сенат бекиткен резолюция президентке өлкөнүн кооптуздугу үчүн зарыл тапса, “бардык жана тийиштүү күчтөрдү” пайдаланганга жол берет деп түшүндүргөн Буш.

Буга бардык эле конгрессмендер ынанбаганын 6-февралда Сенаттын юридика комитетинде болгон угуу көрсөттү. Комитеттин төрагасы жана башка кээ бир сенаторлор соттун тийиштүү чечими болбой туруп, шектүү жарандарды аңдууга алуу мыйзамсыз, демек, Ак Үй сунуш кылган программа конституцияга каршы келет деп эсептешет.

Адилет министри Алберто Гонсалес, дүйшөмбү күнү Сенаттын комитетинде өткөн талкууда, программа өлкө конституциясына кыпындай да шек келтирбейт деп ишендирди.

Бирок, республикачыл сенатор Арлен Спектер, программа мыйзамдуу болсо, эмне үчүн атайын соттун уруксатын сурагандан качасыңар деп, суроону кырынан койду:

-Сиз меники туура деп ойлойсуз, бирок бул жерде сизди жаңылышат деп санашкан көп адамдар бар. Коомчулук ишенүүсү үчүн бул маселени- Тышкы чалгынды көзөмөлдөө мыйзамына ылайык- сотто кароого болбойбу? Сиз ак болсоңуз, эмне жоготосуз?

Тышкы чалгынды көзөмөлдөө мыйзамына ылайык, террорчу деп шектелген адамдарды тез жоопко тартуу үчүн атайын сот түзүлгөн.

Башка бир респбуликачыл-сенатор Линдсей Грэхемдын оюнча, эгерде Ак Үй өтүнүчү болсо, Конгресс өлкө ичинде байкоо жүргүзүү мыйзамына таянып, президенттин укугун кеңейтүү зарыл. Президент чечимди Конгрессиз кабыл алчу болсо, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери же президент, конгресс жана сот бийликтери ортосундагы баланс бузулат. Анын үстүнө, программа боюнча маалымат алып турчу конгрессмендердин саны көбөйтүлүп жатпайбы, деди сенатор Грэхем.

Парламентарийлер күдүктөнбөсү үчүн Ак Үй - Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын Чалгындоо комитетинде да атайын угууларды өткөрдү. Конгрессмендер жашыруун сырды бекем сактай албайт деп саналгандан улам, Буштун администрациясы буга дейре өлкө ичиндеги чалгындоо иштери боюнча алар менен мындай кенен талкуу өткөргөн эмес.

XS
SM
MD
LG