Тукуй-Мектептеги бир нече үйлөрдө жашырынып алган жикчилерге каршы Ички иштер министрлигинин жана атайын полициянын 300 дөн ашуун аскери күрөшүп жатат. Аскер күчтөрү кеминде эки үйдү танкелер менен сүрүп, кыйсыпыр кылышты. Бүгүн эрте менен да айрым жерлерде дагы эле атышуулар болуп жаткандыгы айтылды.
Айылдагы жергиликтүү калктын ичинде жабыр тарткандар болгонбу-жокпу – азырынча белгисиз. Ишембиде орус телеканалы кабарлагандай, бийликтер ушу тапта ал жерден тургундарды башка жерлерге көчүрө башташты.
Ставрополдогу уюшкан кылмыштуулукка каршы департаменттин башчысы Виктор Барнаштын айтымында, эки тараптан тең жоготуулар көп болду.
- Азыр биз бул бандиттик топту жок кылуу үчүн бүт күчүбүздү сарптап жатабыз. Тилекке каршы, укук коргоо органдарында жоготуулар болду. Жикчилердин деле көп адамын жок кыла алдык, - дейт Виктор Барнаш.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, федералдык күчтөрдүн кеминде алты адамы козголоңчулардын огунан учуп өлгөн. Дагы беш адам жаракат алганы айтылды. Аскерлер: “кеминде 11 жикчи жок кылынды” дешет.
Барнаштын ишениминде, бул жикчилер тобу Ставрополдогу орто мектептердин биринде алкактуу террор актысын жасаганга далалаттанып жүрүшкөн экен. Бирок ал мындай кабарды кайдан алганын тактаган жок. Ошол эле учурда, аскерлер менен атышып жаткан козголоңчулардын ичинде бирөө жарым тирүүлөй кармалганы тууралуу деле айтыла элек. Керек болсо, алар кайсыл улуттун адамдары экени да белгисиз.
Ставрополдогу журналист Борис Останковичтин кабарына ылайык, жоочулар бул региондун тургундары эместей.
- Бизге бул адамдар ар-кайсы тараптардан келишкенин айтышты. Топтун баардык мүчөлөрү чеченстандык “шелков жамаатынын” өкүлдөрү деген кабар бар, - дейт журналист Останкович.
Ушу тапта ал аймакта тазалоо, издөө операциялары өтүп жатат. Орус аскерлери Түндүк Кавказда мезгил-мезгили менен бул өңдүү операцияларды өткөрүп келатышканы жашыруун эмес. Бирок аны Ставрополдо эл көп жылдардан бери унутуп деле койгон болчу.