Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

РОССИЯ ГАЗ РЫНОГУН КЕҢЕЙТҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ


Москвада Чоң сегиздиктин финансы министрлери жыйын өткөрүп, бир катар маселелерди,анын ичинде энергетикалык коопсуздук проблемасын талкуулашты. Министрлер менен Россиянын президенти Владимир Путин жолугушту.

Москвада өткөн финансы министрлеринин жыйынында терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы күрөш маселеси да козголду. Бирок башкы кеп энергетикалык коопсуздук жөнүндө болду. Орус министри Алексей Кудриндин байкоосунда, жыйында бу маселеге байланыштуу тийиштүү чечим даярдап, аны кабыл алуу үчүн туура багыт аныкталды.

Жыйында орус газын Европага куур аркылуу гана эмес, суюлтулган түрүндө да экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Кудрин бул жерде биргелешкен аракет зарылдыгын, болгондо да аны конкреттүү аракеттердин планы катары жүзөгө ашыруу керектигин эске салды. Ушу жагынан алганда газ рыногун кыйла кеңейтүү жана аны глобалдык мүнөзгө айлантуу мүмкүндүгү бар экенин белгиледи.

Энергия экспорту өткөн жылы Россиянын экономикасын 6 проценттен ашуун өстүргөнгө мүмкүндүк түздү. Көпчүлүк байкоочулар Россиянын бул чөйрөдөгү үстөмдүгүн президент Владимир Путин өлкөнү башкарууда жана саясат чөйрөсүндө кеңири пайдалана баштады деп эсептешет. Кремль өлкөдөгү коммерциясыз уюмдарга кыр көрсөткөн мамилеге өттү, Украина жана Грузия өңдүү Батышка ыктаган өлкөлөргө байланыштуу катаң саясат жүргүзө баштады.

Бир баррель мунайдын наркы 60 долларга чыгып турган шартта президент Путин мындан он жыл мурдагы лидерлерге караганда Россиянын орду тууралуу алда канча ишенимдүү сүйлөгөнгө да жүйөө алгандай болду. Ал, мисалы, Россиянын максатын дүйнөлүк рыноктогу стабилдүүлүктү камсыз кылууда турганын айтып, Москва Париж клубу алдындагы 12 миллиард доллар өлчөмүндөгү карызынан мөөнөтүнөн мурда кутулганга даяр экенин ырастады.

Россиянын энергетика тармагындагы үстөм позициясы аны эл аралык иштерде да ишенимдүү көрсөтө баштады. Москва Ирандын атомдук программасы боюнча талаштарга ортомчулук кылып,Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда орточул позициясын көрсөткөнгө умтулууда. Жакында Путин “Хамастын” лидерлерин Москвага сүйлөшүүлөргө чакырып, Батыш жамаатын бир топ таң калтырды.

Орус финансы министри Кудрин энергетика булагы жана таасирдүү өлкө катары Россиянын ролу жакын аралыкта күчүнөн жанбайт,анткени дүйнөдө бери эле дегенде алдыдагы отуз-элүү жыл ичинде газ кендерине муктаждык сакталып калат деп ишенет.

XS
SM
MD
LG