Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

ОРУС-“ХАМАС” СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ИЗРАИЛДИН КЫЖЫРЫН КАЙНАТТЫ


Төрөкул Дооров, Прага. Палестинадагы шайлоодо жеңген ХАМАС согушчул тобун Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага чакырып, сүйлөшүүнү сунуштаган. Орусиянын планын Израил дагы бир ирет катуу сынга алды. Анткен менен Франция бул идеяны колдой турганын билдирди.

Орус президенти Владимир Путин ХАМАСты сүйлөшүүлөргө чакырып жатканын Израилдин Тышкы иштер министри Тзипи Ливни катуу айыптап, “бул тынчтык процессинин келечегине балта чаба турганын, чакыруу ашыкча жана орунсуз” айтылганын билдирди. “ХАМАС шайлоого катышса эле бул аны актап койбойт, ХАМАС – террористтик уюм”, - деди израилдик министр.

Жекшембиде Израилдин өкмөтүнүн апталык жыйынында министр Тзахи Ханегби “Израил орус президенти Владимир Путинди ХАМАСты тааныбаганга чакыра турганын” айтты.

- Израил эларалык коомчулуктун башка өкүлдөрү менен биргеликте орус бийликтерин жана президентин ХАМАС террор уюмун “актоодон” баш тарттыруу үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. Анткени бул кадам эларалык коомчулуктун аракеттерине каршы келет. Биз Палестиндеги жаңы бийлик буга чейинки террордук баалуулуктарынан жана карасанатай аракеттеринен баш тартмайын, аны менен мамиле кылбайбыз деп чечкенбиз, - деди израилдик министр Тзахи Ханегби.

ХАМАСтын лидерлери болсо ушул ай ичинде Москвага барып келе тургандыктарын ырасташты. Алар чынында: “Орусия бизди сүйлөшүүгө чакырат деп күткүн эмеспиз”, - дешет. Анткени Кошмо Штаттары “ХАМАС Израилге чабуул коюудан баш тартып, Израилди мамлекет катары таанымайын” аны менен алака түзүүдөн оолак болууга чакырган эле.

Газада ХАМАСтын лидери Исмаил Абу Ханих орус бийликтери аларды чакырып жатканына сүйүнүп турганын билдирди.

- Биз, ХАМАС исламий кыймылы, коңшулаш Араб жана мусулман дүйнөсүндөгү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Эми эларалык коомчулук менен да мамиле кылалы деген ниетибиз бар. Андыктан орус президенти Владимир Путин бизди Москвага чакырып жатканын урмат менен кабыл алдык жана мезгили келгенде Орусияга сөзсүз барганга даярбыз, - деди ХАМАСтын лидери Исмаил Абу Ханих.

Орусия анын бул чечимин дүйнө сынга алаарын да, бирок эртеби-кечпи башка мамлекеттер да анын артынан ХАМАС менен байланышка бара тургандыгын да алдын ала билген өңдүү.

Москвада “Чоң сегизге” кирген мамлекеттердин Каржы министрлеринин жыйынында франциялык министр Орусиянын ХАМАСты сүйлөшүү үстөлүнө чакырып жатышы “абалдан чыгууга салым болот” деген оюн ортого салды.

- Израил мамлекетин тануу менен тынчтык процессине жетишүү ишинде нормалдуу сүйлөшүүлөргө алып келе турган кандай гана аракет болбосун, - бул туура багыттагы иш, - деди Франциянын Каржы министри Тиерри Бретон.

Орусиянын жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Александр Калугин болсо Палестинанын президенти Махмуд Аббаска: “Орусия ХАМАСты Израил мамлекетин таанууга, террордук аракеттерден баш тартып, Израил менен жетишилген келишимдерди аткарууга” чакыра тургандыгын айткан. Бул тууралуу Калугин Аббас менен Рамалла шаарында өткөн сүйлөшүүдөн кийин билдирди.

Кошмо Штаттары, Улуттар уюму, Европа Биримдиги жана Орусия ХАМАСты Израилди таанып, террордук аракеттерден кайтууга чакырышкан. Бирок ХАМАС Израилди эзели “мамлекет” деп тааныбай тургандыгын ачык айтканы бар.

XS
SM
MD
LG