Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

«Ош жаңырыгы» гезитинде редактор кызматын талашуу курчуп барат


ОШ. Шаардык сот “Ош жаңырыгы” гезитинин мурдагы баш редактору Мамырайым Дубанаевди кайра кызматына коюу жөнүндө чечимди тез арада аткарууну талап кылууда. Бул жөнүндө бүгүн облустук мамлекеттик администрациянын маалымат катчысы Алишер Токсонбаев билдирди.
Шаардык сот Мамырайым Дубанаев “Ош жаңырыгы” гезитинин баш редактору кызматынан мыйзамсыз бошотулду деген негизде аны кайра ордуна коюу жөнүндө чечим чыгарган. Сот чечимине нааразы болуп гезиттин эмгек жамааты жана окурмандар каршылык акциясына чыгышкан. Март ыңкылабынан кийин гезиттин баш редактору болуп дайындалган Абдувахап Мониевдин жактоочулары соттун чечими аткарылса, ал чыр-чатактар менен коштолушу мүмкүн деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG