Окумуштуулардын божомолдоруна караганда, Жер жүзүндө бардыгы болуп азыркы мезгилде 30 миллионго жакын түрлүү жаныбар жана өсүмдүк бар, илим болсо алардын эки миллионуна жакынын гана каттоого ала алган. ЮНЕСКО уюму былтыр Париж шаарында өткөргөн конференцияда - ар жыл сайын дүйнөдө жок болуп кетип жаткан жаныбар же өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн саны 25 миңден 50 миңге чейин болушу мүмкүн деген маалымат айтылды, бирок так санды эч ким билбейт.
"Гринпис" сыяктуу табийгатты коргогон бейөкмөт уюмдардын эксперттеринин айтымында, дүйнөдө азыр канаттуулардын ар бир он түрүнүн бири жана сүт эмүүчүлөрдүн ар төрт түрүнүн бири жок болуп кетүү коркунучунда. Аны менен катар, көптөгөн жаныбарлардын түрлөрү жоголуп баратканы менен кошо, айрым окумуштуулар мезгил-мезгили менен жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн улам жаңы түрлөрүн таап да жатат.
Андай ачылыштар негизинен деңиз түбүндө же Африка менен Түштүк Американын чытырман токойлорунда болот, бирок жакында америкалык "Консервейшн интернешнл" деген уюм Индонезияга караштуу Папуа аралдарына экспедиция жиберип, анын окумуштуулары жаныбарлардын бир нече жаңы түрүн тапты.
Изилдөө тобунун жетекчилеринин бири Брюс Биилердин айтымында, аралдардагы Фойа тоолорунда ехидна деген жаныбардын узун тумшуктуу түрү табылды. Окумуштуулар аны кармаганда, ал эч кандай каршылык көрсөтпөстөн, адамдардан корккон жок, анткени эч качан киши көргөн эмес.
Экспедицияга катышкан Хенк ван Мастригт деген илимпоздун айтымында, Фойя тоолорунда ал көпөлөктөрдүн мурда илимге белгисиз болгон алты түрүн тапты: "Папуа аралдарында мен көпөлөктөрдү 30 жылдан бери изилдеп жүрөм, бирок мынчалык кыска мөөнөттүн ичинде алардын ушунчалык көп түрүн буга чейин тапкан эмесмин", - дейт ван Мастригт.
Бирок мурда европалык окумуштуулар кайсы бир жаныбарды көрө электе деле аларды илимий китептерге жана энциклопедияларга киргизген учурлар да болгон. Мисал үчүн 1897-жылы илимий журналдарда Папуа аралдарында жашаган тоостун бир түрү тууралуу макалалар чыккан. Папуага келип кеткен суучулдар Европага ал тоостун канаттарын алып барган жана ошол канаттарга жасалган изилдөөлөр менен суучулдардын айткандарынын негизинде куштун сүрөтү тартылып, ал китептерге кирип калган.
Папуа аралдарына азыр уюштурулган экспедицияны "Консервейшн интернешнл" уюмунан тышкары Индонезиянын илимий институттары жана америкалык "Нэшнл жиогрэфик" коому каржылады. Брюс Биилердин айтымында, жаңы жаныбарлар табылган аймакта жергиликтүү уруулар да көптөн бери жашайт, бирок деңиз жээгинде аларга жетиштүү жемиш өскөндүктөн, алар тоолордогу токойго көп барган эмес.
Консервейшн интернешнлдин" басма сөз катчысы Том Коэндин айтымында болсо, бул ачылыштардан кийин деле аймакка окумуштуулар эми көп келе баштайт деп күтпөш керек: "Бул жерге жетиш өтө кыйын. Эч кандай жол жок. Кайсы бир бай адам учак жалдап, мен ошол жерге барам деп айтаарын күтпөй эле койсок болот. Ошондуктан, бул аймакка абдан көп адам келип, анын экологиясын бузат деп азырынча биз коркпойбуз", - дейт Коэн.