Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

АРАБ ЭМИРАТТАРЫНА БАРАТКАН 61 КЫЗДЫ ЧЕКИСТТЕР УЧУРБАЙ КАРМАП КАЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 14-февраль күнү эртең менен Ош облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош аба дарбазасында Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарына учуп жаткан Айнек эйр авиакомпаниясына таандык чартердик авиа каттам токтотулду. Чекисттер коңшулаш өлкөлөргө таандык 61 жаш кызды бир убакытта учуруп жаткан авиа каттамдын жана сапарды уюштурган “Аскат тур” фирмасынын иш аракетинде кылмыштын курамы бар болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.

Эртең мененки саат жетиде Ош аэропортунан Шарджа шаарына учууга камданып жаткан Айнек эйр авиа компаниясына таандык авиа каттам токтотулуп, ичиндеги 61 жүргүнчү жаш кыз борттон түшүрүлдү. Өздүгүн тактоодо алардын 58 Өзбекстандын, 1 Түркмөнстандын, 1 Тажикстандын жана бири Кыргызстандын атуулдaры экендиги аныкталды. Өзбекстандын Самарканд шаарынан келген 17 жаштагы Фарида аттуу кыз суроолорго түз жооп берүүдөн качып, Дубайга иш издеп кетип бара жатканда кармалгандыгын айтып ыйламсырады.

Ал эми Өзбекстандын Фергана шаарынан келген 16 жаштагы Алена ачык эле өз каалоосу менен Дубай шаарындагы мейманканалардын биринде сойкулук соодасы менен иштөө үчүн Ош шаарынан учуп жаткан жеринен кармалгандыгын белгилөө менен, ал өзүнүн мындай чечимин төмөндөгүдөй себептер менен толуктады:

- Мени бир тааныш аял Дубайга жөнөтүп, сойкулук менен жан багууга үндөгөн эле. Чындыгында менде бул сунушту кабыл алуудан башка арга калган эмес. Бул менин акыркы чечимим болчу. Эгерде биз Оштон учсак, мени ал жакта бир адамдар күтүп, тосуп алмак. Эми эмне болот билбейм – дейт сапардан калгандыгына капаланган Алена аттуу өзбек атуулу.

Бортунда 61 жаш кызы бар авиа каттамды аткарууга даярданып жаткан Айнек эйр авиа компаниясынын менеджери Абдылда Юсубакунов Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан иликтенип жаткан адам соодасына байланышкан иш аракеттерге компаниянын тиешеси жок деген оюн билдирди:

- Биздин рейс Бишкек-Ош-Худжейро шаар деп учабыз. Билетти саткан фирмалар көп, алар сата берет, биз рейс боюнча эле каттайбыз.

Ал эми 16 жаштан 25 жашка чейинки кыздарды бир убакытта бир шаарга учууга даярдаган Ош шаарындагы “Аскат тур” фирмасы аларга аталган кыздарды сексуалдык кулчулукка сатууну уюштурду деген айыптоону коюу үчүн юридикалык далилдер жок деп билдирди. Өзүн ажымын деп тааныштырган жогоруда аталган фирманын жетекчиси Хадамжан Азимов менчик мекемесинин негизги ишмердүүлүгүн мындайча түшүндүрдү:

- Биз Араб Эмираттарына көп эле жолу сапарларды, саякаттарды уюштуруп жүрөбүз. Анда кызы да, эркеги да, уурусу да, туурусу да, бандити да учат. Кимиси кандай максатта учуп жаткандыгын биз кайдан билебиз. Биздики бир гана коммерциялык максат, авиа компаниялардын талабын аткарып, жүргүнчүлөрдү даярдап уюштуруп берүү. Бул бизнес. Мында кылмыштын курамын издештин зарылдыгы жокко дейм.

Анткен менен Ош облустук Улуттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери кармалган кыздардын аты жөнүн аныктап, тактап, алгачкы иликтөө иштерин баштап жатышкандыгын билдиришти. Облустун башкы чекисти Бакыт Бекибаев коңшулаш өлкөлөрдөн алынып келинген жаш кыздар чегарадан өтүү мыйзамдарын бузгандыгы жана аларды уюштурган адамдар адам соодасына тиешеси бардыгы боюнча шектелип, бул боюнча далил каражаттар жана маалыматтар топтолуп жаткандыгын белгилеп өттү:

- Бул фактылар, албетте, текшерилет. Буларды уюштурган адамдардын аттарын такташыбыз керек, андан кийин тиешелүү мыйзамга туура келген чараларды көрөбүз - деди Ош облустук Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бакыт Бекибаев.

XS
SM
MD
LG