Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

КУРМАНБЕК БАКИЕВ : БЮДЖЕТТИК КАРАЖАТТАРГА КОЛ САЛГАНДАРГА ЖАЗА КАТУУ БОЛОТ


14-февралда өкмөт үйүндө премьер-министр Феликс Куловдун төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп, анда 2005-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга президент Курманбек Бакиев дагы катышып, экономиканы өстүрүү боюнча өз пикирин ортого салды. Өкмөт жыйынында парламенттеги кырдаал тууралуу да сөз болуп, президент жана премьер-министр аны кризис деп баалоо туура эмес деп белгиледи.

Өкмөт жыйынында каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров өткөн жылдагы жетишкендик катары экономиканын кескин түрдө төмөндөшүнө жол бербөөнү жана макроэкономикалык туруктуулукту сактап калууну белгиледи. Быйылкы жыл башындагы көрсөткүчтөр тууралуу министр буларды билдирди:

Экономикада оң тенденция башталды. ИДПнын реалдуу өсүшү 1.8% болду. Кумтөрдү кошпогондо өнөр жайы 2.7%, курулуш тармагы болсо 26% өсүш берүүдө. Салыктык жеңилдиктер берилди. Мындан ары экономиканын өсүшүн камсыздоо үчүн жаңы салык кодексин иштеп чыгууну тездетишибиз керек.

Президент Курманбек Бакиев каржы жана экономика министрин экономикалык анализдин жоктугу, айыл жерлериндеги кредиттик союздарды көңүл сыртында калтыргандыгы үчүн сынга алды.

Жыйында “Центерраголддун” акциясын сатуудан түшкөн каражат жөнүндөгү маселе да козголду. Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, андан түшкөн акча 3 милилард 600 миллион сом. Бирок аны эл аралык каржы уюмдары менен макулдашуу менен социалдык тармакка пайдаланууга болот. Президент ага каршы болуп, ал каражат экономиканын реалдуу тармагына да жумшалыш керек. Бул багытта өкмөт каржы уюмдары менен тыкыс иштеш керек деген тапшырмасын берди.

Жыйында ири ишканалардын абалы, жазгы талаа жумуштарына даярдыктар, жолдорду оңдоо багытында да маселелер козголду. Транспорт жана коммуникация министрлиги быйылкы жылы 1 миң чакырым жол оңдолоорун билдирди.
Негизги министрликтер өз маалыматтарын бергенден кийин президент аларды бюджеттик каражаттарды коромжуга учуратууга жол бергендер катуу жаза алаарын эскертти:

Министрлер, алардын орун басарлары, губернаторлор, райондук акимдер, шаар мэрлери бюджеттик каражаттарга жекече жооп бересиңер. Эгерде бюджеттик каражатты уурдоо аныкталса, ага жол берген жетекчиге кылмыш иши козголот, жаза катаал болот. Мен муну эскертип коеюн.

Жыйын соңунда сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы жаңы өкмөттүн түзүлүп, иштей баштаганына беш айга жетпеген убакыт болгонун, бирок эл арасында жаңы бийлик үмүттү актабай жатат деген сөздөрдө адилеттик бар экенин айтты. Президент ошондой эле саясий жана криминалдык кырдаалдын курчушунан айрым ишкерлер ишин токтотуп, күтүү жолуна өткөнүн белгиледи. Оң жылыштар катары президент демократиянын күчөшү, сөз эркиндиги, салык тармагындагы реформаларды, сот ишине кийлигишүүнүн токтотулушун атады. Президент бийлик ишкерлерге мамилени өзгөртүүгө милдеттүү деп, бул багытта күтүлүп жаткан кадамдар тууралуу буларды айтты:

Жыл аягына чейин капиталга мунапыс жарыяланыш керек. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов баштаган топ тартип коргоо органдарын реформалоонун концепциясын иштеп чыгат. Анын жыйынтыгында тартип коргоо органдарынын өзүнө гана мүнөздүү функциясы калат. Маселен, улуттук коопсуздук кызматы чалгын, контрчалгын, коопсуздук иши менен алектенет. Ал экономикалык ишке такыр кийлигишпейт. Башка күч структуралары да ошондой болуп өзгөрөт.

Мамлекет башчысынан кийин сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Феликс Кулов Жогорку Кеңештеги кырдаалга токтолуп буларды билдирди:

Эч кандай саясий кризис жок. Маселе аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин тирешүүсү жөнүндө эмес, төраганын мамлекет башчысынын дарегине айтылган туура эмес сөзүндө болуп жатат. Ошондуктан аны саясатташтыруунун кереги жок. Анте берсек мамлекетти эмнеге айлантып жиберебиз? Сөзүңдөн жаңылдыңбы? Эркексиңби? Анда сөзүңө жооп бер.

Президент Курманбек Бакиев да төраганын кызматтан кетүү ниетине байланыштуу кризис жок экенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG