Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

КУШ ЫЛАҢЫ ДҮЙНӨГӨ ЖАЙЫЛЫП БАРАТАТ

Нарын АЙЫП, Прага Түштүк өлкөлөрүндө жаз башталып, жапайы канаттуулар жер которгондуктан, акыркы күндөрдө куш тумоосу улам жаңы мамлекетте каттала баштады. Эксперттердин пикиринде, бул оору Африкада дагы чыкканы өтө коркунучтуу, анткени бул континент тумоону токтотуу үчүн жетиштүү аракет көрө алаары күмөн.

Италиянын саламаттык сактоо министри Франческо Стораче 10-февралда билдиргенге караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Пуглиа менен Калабрия деген аймактарда жана Сицилия аралында өлгөн ак куулар табылды. Алар өтө коркунучту "Эйч-5-Эн-1" деген вирустан өлгөнү аныкталды. Окшош кабар Словениядан да келди, бирок ал тактала элек. Грекиянын Айыл чарба министрлигинин айтымында, ал вирустан өлгөн ак куулар өлкөнүн түндүк аймактарында табылды, демек оору Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ички чек араларына жетип кирди.

Акыркы апталарда ылаң Азербайжан менен Болгария да чыкты, ал эми январдын башында Түркиянын чыгышындагы канаттуулар фермасында бир нече өспүрүм куш тумоосун жугузуп алгандан каза тапкан. Бирок окумуштууларды тынчсыздандырган эң негизги нерсе - тумоо Африканын Нигерия мамлекетинде да табылганында - шектелген эки нигериялык өспүрүм ооруканага жаткырылды.

Лондон шаарындагы Каныша Мэри коллежинин профессору Жон Оксфорддун айтымында, Нигериядан келген жаңылык чыныгы абалды толук чагылдырбайт жана Африкадагы абал алда канча жаман болушу мүмкүн: "Менин оюмча, Африкадагы абал өтө начар жана андан да жаман жакка өнүгүшү мүмкүн, анткени бул мамлекеттер ооруга күрөшүүгө өтө деле даяр эмес. Бул алардын күнөөсү эмес, бирок жетиштүү даярдык жок. Ошондуктан оору канаттуулардан адамга өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү Африкада өтө жогору. Тумоого канчалык көп адам чалдыкса, ооруну пайда кылган вирус улам өзгөрүп, анын адамдан адамга өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү да көбөйөт", - дейт Окфорд.

Эгер вирус адамдан адамга өтө баштаса, ири эпидемия, же пандемия башталышы да толук мүмкүн, анткени азырынча ооруга каршы күчтүү даба табыла элек. Роттердам шаарындагы Эразм атындагы медицина борборунун эксперти Алберт Остерхаустун айтымында, чечкиндүү чаралар ушул жаз айларында көрүлүүгө тийиш, антпегенде оору кеңири тарайт:

"Эң биринчи жана негизги чара - үй канаттууларын жапайы куштарга жолотпош керек. Менин оюмча, бул өтө маанилүү. Нидерландда, мисал үчүн, биз андай чараларды өткөн сентябрда эле көргөнбүз. Бир нече башка мамлекет да азыр ошондой кылууну караштырып жатат, анткени жазында канаттуулар жер которот. Куштарга вакцинация жүргүзүү маселесин Европа Биримдигинин мамлекеттери азыр талкуулап жатат, бул башка чара, аны менен ылаңдын жайылышын токтотуу мүмкүн экени да арсар. Чечим азырынча кабыл алына элек", - дейт Остерхаус.

Ылаң алгач 2003-жылы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде чыккан жана андан бери дүйнө жүзү боюнча бул оорудан токсонго жакын адам өлдү.
Куржундар
XS
SM
MD
LG