Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

КУЛОВ-ТЕКЕБАЕВ ТИЛЕКТЕШТИГИНИН КУБАТЫ КЕТТИ


Парламент төрагасы кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасагандан кийин Кулов эмне үчүн Текебаевди коргоп чыга алган жок деген суроо коомчулукка суурулуп чыга келди. Кулов Текебаевдин таламын талашып чыкпагандан кийин саясатчылар ал экөөнүн саясий тилектештигинин боосу үзүлдү деп жоромолдошууда. Өмүрбек Текебаев анын кызматтан кетишине президент менен өкмөт башчы кызыкдар болуп жатканын билдирген. Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов экс-президент Акаевдин тушунда тилектеш саясатчылардан болгон, ал түгүл 2000-жылдагы президентттик шайлоого алар биригип чыгышкан.

Парламент төрагасынын айланасында чыккан ызы-чууга унчукпай турган премьер-министр Текебаевдин билдирүүсүнөн кийин гана үн катты. Ал Текебаевди кызматынан кет деп айтпаганын, мындай чечимди төрага өз алдынча жеке каалоосу менен кабыл алганын соңку сүйлөгөн сөздөрүндө белгилеп өттү:

-Өмүрбек Чиркешович президенттин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтып алды. Бирок, бул бийлик бутактарынын ортосунда күрөш жүрүп жатат дегенди билдирбейт,- деген эле премьер-министр Кулов 14-февралдагы өкмөт жыйынында.

Өмүрбек Текебаев ушул жума башында таркаткан билдирүүсүндө кызматтан кетүү тууралуу чечимге президент менен өкмөт башчынын өтүнүчүнөн кийин барганын айткан.

Текебаев менен Кулов буга чейин саясатта бири-бирин колдоп келгени белгилүү. 2000-жылдагы президенттик шайлоого да экөө бирге чыгышып, Текебаев жеңишке жетсе Кулов өкмөт башчы болоору тууралуу шерт коюшканы элдин эсинде. Бирок, ал ишке ашпай, беш жылдан соң Кулов Бакиев менен түзгөн тандемдин негизинде өкмөт башчылыкка келди.

Ошондой болсо да коомчулукта азыркыдай шартта эмне үчүн Кулов Текебаевди коргоп чыга алган жок деген суроо туулбай койгон жок. Айрым серепчилер муну саясаттагы табигый көрүнүш катары сыпаттаса, дагы бирлери аны Куловдун Бакиев менен болгон мамилесин Текебаев менен болгон мамилесинен өйдө койгонунан көрөт.

Маселен, «Эл эрки» саясий кыймылынын тең төрагасы Ташболот Балтабаевдин пикири ушундай:

- Эми бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Саясатта түбөлүк достук да, кастык да жок, түбөлүк кызыкчылык бар дейт эмеспи. Кыязы азыр Куловдун кызыкчылыгы Текебаев менен тандемде эмес, Бакиев менен тандемде болуп турат окшойт. Ошого айкалыштырып келгенде, Куловдун саясий кызыкчылыгы аткаруу бийлигинин башында турганы Текебаев менен дос болуп турганынан жогору деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев болсо Феликс Кулов кызматынан ажырап калбайын деп ушундай кадамга барып жатат деп эсептейт:

- Тандеми, убадасы,кол алышкан жигитчилиги болобу, болбойбу мага баары бир. Бирок менимче, Феликс Кулов кызматынан ажырап калбайын деп ушундай кадамга барды.

Ошентип Текебаевдин кызматтан кетишин жактагандар да, жактабагандар да арбын. «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова мындай салтты башка жетекчилер да улап, жаштарга орун бошотуп беришин туура көрөт.

- Куловдун Текебаевди кет деп айтпаганына мен ишенем. Мен аны жактаган жокмун, балким ал чын эле билбегендир. Экинчиден, Текебаевдин кетиши да туура. Ошол салтты улап, башка жетекчилер да жаштарга жол бошотуп берсе туура болмок. Кыргызстанда жаңы элита болушу керек.

Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү боюнча арызын Жогорку Кеңеш 20-февралда карайт
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG