Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

ООГАНСТАНДАГЫ КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО КҮЧТӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮГҮНӨ ЖАЙГАШТЫРЫЛА БАШТАЙТ


Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоого жардам берген эларалык күчтөр, же ISAF март айында өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырыла баштайт. НАТОнун жетекчилигиндеги аскерлер Ооганстанда дагы 10 жылга калууну көздөп жатышат. Түндүк Альянстын расмий өкүлдөрү “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, бул үчүн БУУ алардын мандатын узартып берүүгө даяр. Ошол эле маалда ISAF америкалык аскерлердин талиптерге жана ал-кайидачыларга каршы операцияларына катышууну максат кылбайт.

Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн (ISAFтын) командачысы, италиялык генерал Мауро Дел Веккионун ырастоосунда, эмки жылдын ичинде Ооганстандын түштүк аймагына 6 миң аскерди жайгаштыруу пландалып жатат. Алар өлкөнүн чөлкөмдөрүндөгү биргелешкен граждандык-аскерий реконструкция топторунун курамына киришет. Айрым жерлерде ISAF аскерлеринин саны АКШ баштаган согуштук күчтөрдөн көбүрөөк болот. Бул – ISAF миссиясын жайылтуунун үчүнчү баскычы болуп калмакчы.

Бирок генерал белгилегендей, анын кол астындагы бөлүктөр талиптер менен ал-кайидачыларга каршы кармаштарга катышууну максат кылышпайт. Франция, Германия жана башка шериктердин талабына ылайык, алар колдоо ролун гана аткарышат. Бирок эки топ тең АКШлык командачыга баш ийет.

Генерал Дел Веккио Ооганстандын улуттук армиясынын саны 70 миң мыкты машыккан аскерге жетмейинче, ISAF өлкөдө кала берет дейт:

ISAFтын Ооганстандагы миссиясы дагы 7-10 жылга узартылышы ыктымал. Себеби Ооганстандын улуттук армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн бүтүндөй аймагында аракеттене тургандай деңгээлге жеткирүү керек.

ISAF жакында жергиликтүү армияны, коопсуздук күчтөрүн машыктырууга көбүрөөк тартыла баштайт. Бул максатта кошумча каражат жана адамдар бөлүнүп берет.ISAFтын аскерлери июлга чейин Кандагар жана Хелманддагы базаларга толугу менен жайгаштырылат деп күтүлүүдө.

Ооганстандагы ири гуманитардык донорлордун бири Еврошаркет бул процессти жакындан көзөмөлдөп турмакчы. Биримдик өлкөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту өтө маанилүү деп эсептейт. Анын бир себеби – Европада сатылган мыйзамсыз апийимдин 80 пайыздайы Ооганстанда өндүрүлөт.

Еврошаркеттин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Францеск Вендрел биримдикке мүчө-мамлекеттер ISAFтын миссиясына мүмкүн болушунча көбүрөөк аскерлерин жиберүүгө тийиш деп эсептейт:

Коопсуздук, башкаруу, адам укуктары жана өлкөнү калыбына келтирүү маселелери бири бирине багыңкы. Биз эларалык күчтөрдүн миссиясын башка чөлкөмдөргө да жайылтып, Ооган өкмөтүнө проблемдүү провинцияларда бийлигин орнотууга көмөктөшүбүз керек.

НАТОнун Ооганстандагы аскерий эмес өкүлү Хикмет Четин Альянс ISAFтын күчтөрүн чыгыш Ооганстанга жайгаштыруу чечимин кабыл алышы мүмкүн деп биздин кабарчыбызга билдирди:

Азыркы үчүнчү баскычтан кийин мүмкүн болушунча тезирээк саясий чечим кабыл алынууга тийиш. Анткени өлкөнүн түштүгү менен чыгышын бөлүүгө болбойт.

НАТОнун аскерий өкүлдөрү болсо андай чечимдин жылдын аягына чейин кабыл алынышы күмөн деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG