Грузин парламентинин бул күнкү резолюциясы өкмөттү 1992-жылы Тбилиси менен Түштүк Осетиянын ортосундагы бир жарым жылдык согушту токтоткон Грузия-Орусия келишимин кайра карап чыгууга үндөйт. Ошондой эле өкмөт Түштүк Осетиядагы Орусиялык бейпилдик күчтөрү башка бир эл аралык аскерлер менен алмаштырылышын кепилдеши зарыл деп айтылат. Парламентте айрым депутаттардын орус аскерлери бүгүн чыгып кетсин деген кызуу чакырыктары резолюцияга кирбей калды.
Грузиянын чатактарды чечүү боюнча мамлекеттик министри Гиорги Хаиндрава “Ройтерс” агенттиги жарыялаган интервьюсунда парламент өкмөттүн кийинки аракеттерине мыйзамдык база түзүп бергенин айтат.
- Грузин коомчулугу бул маселени парламентке тапшырган, депутаттар аны аткарды. Эми биз парламенттин тапшырмасын аягына чыгарабыз. Биз эл аралык мыйзамдар менен практикага ылайык толук мыйзамдык негизде күн тартибиндеги маселени чечип, аны турмушка ашырууга тийишпиз.
Грузиялык депутаттар кайра каралып чыксын деп көтөрүп чыккан Сочи макулдашуусуна 1992-жылы жайында ал кездеги орус жана грузин лидерлери Борис Ельцин менен Эдуард Шеварднадзе кол коюшкан. Ага ылайык, Түштүк Осетиядагы тынчтыкты Орусия, Грузия, Түштүк жана Түндүк Осетиялык биргелешкен күчтөр күзөтмөк болушкан. Ар бир тараптан 500дөн аскер чыгарылып, алардын мандаты улам жаңыртылып турмак. Москва грузин парламентинин чечимин кандай кабыл алганы белгисиз. Өткөн аптада Грузия 3 орус аскерин виза тартибин бузду деп, камакка алгандан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын чыдамы бүтүп баратканын кыйыткан эле.
- Түштүк Осетиядагы орус аскерлеринин тегерегиндеги окуялар чектен чыгып баратат. Күчүндө турган макулдашууларга карабастан, Орусиялык бейпилдик күчтөрү улам бир бузукучул аракеттерге туш болууда. Тбилиси эми алардан виза талап кыла баштады, буга чейин мындай болуп көргөн эмес. Бейпилдик күчтөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун колдоосу астында КМШнын мандатын алган, - деп айткан анда министр Лавров.
Ага шаршембиде Грузиянын парламент спикери Нино Буржанадзе каяша пикирин айтып, Орусиялык министр КМШнын кайсыл мандатын айтып жатканын эч ким билбейт деп таң калды.
Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокойты грузин парламентинин чечимине удаа “Азаттыкка” интервью берип, Тбилиси орус аскерлерин күчкө салып чыгарам десе, куралдуу каршылыкка туш болот деп эскертти.
-Биз окуянын ар кандай өнүгүшүнө даяр турабыз, Түштүк Осетиянын армиясы кандай болбосун баскынчынын мизин кайтарууга даяр. Эки тараптын аскердик күчүндөгү айырмачылыкты түшүнүп турабыз, ошентсе да өз жерибизди коргой алабыз, - деди Түштүк Осетиянын президенти.
Ал тапта грузин президенти Саакашвили Москвага эскертүү жасап, Грузиянын биримдигине коркунуч келтирген тарап чоң муштум жейт деп жарыялады. АКШнын Грузиядагы элчиси Жулия Финлей өткөн аптада ЕККУнун Туруктуу кеңешинде билдирүү жасап, Түштүк Осетиядагы бейпилдик күчтөрүн башка күч менен алмаштырбай туруп чыгып кетүүсүн талап кылуу ал жердеги туруктуулукка зыянын тийгизиши мүмкүн деген эле.