Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН ИРАК ЖАНА ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ САЯСАТЫ СЕНАТОРЛОРДУН СЫНЫНА КАБЫЛДЫ


Шаршемби күнү Сенаттын тышкы байланыштар комитетинде АКШнын Ирак, Иран жана Палестина саясаты боюнча угуулар болду. Мамкатчы Кондолиза Райс берген түшүндүрмө- президент Буштун Республикачылар партиясынын айрым мүчөлөрүн да ынандыра албады. Алардын пикиринче, Буштун стратегиясы региондогу кырдаалды жакшыртпай, тескерисинче, татаалдантууда.

Райс айым Сенаттын тышкы байланыштар комитетинде болгон угууну Иранда демократияны курууга жардамдашуу үчүн Ак Үйдүн 75 миллион доллар сарптагысы келип жатканын айтып баштады:

-Демократиялык жараяндар дүйнөнүн чар тарабында колдоого алыныш керек. Дүйнөнүн Жакынкы Чыгыш сыяктуу бөлүгү өткөөл мезгилде жашоодо жана демократияга өтүү чындап эле кыйын болууда. Бирок, элдин өз үнү болушу шарт жана АКШ негизинде демократиялык жараяндарды колдошу абзел. Жараян, канчалык кыйын болгонуна карабай, диктатордук тушундагы алдама туруктуулуктан эзели артык.

Жардам, Кондолиза Райстын түшүндүрүшүнчө, ирандыктарды өз өлкөсүндө таасирлүү кылат.

Бирок, айрым сенаторлор АКШнын Ирандагы эле эмес, Ирак жана Жакынкы Чыгыштагы саясатына да канааттанышпаганын билдиришти.
Калифорниялык- демократ Барбара Боксер Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАСтын жеңүүсү, радикал көз караштагы Махмуд Аббастын Ирандын президенти шайланганы, Иран колдогон топтордун Ирак парламентинде көпчүлүк орунга ээ болуусу Ак Үй үчүн күтүүсүз болгонуна токтолду жана Буштун администрациясын АКШлык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү мөөнөтүн айтпай жатканы үчүн күнөөлөдү:

-Ирактыктардын 73 проценти Кошмо Штаттары аскерлерин чыгарып кетсе, өлкөдөгү саясый топтор ортосундагы кызматташуу жакшырат деген ишенимде. Ошон үчүн, биз Иракта Ирак элине жардам берели деп жүрсөк, анда Ирак элини угуп, аскерлерди чыгара баштаганыбыз оң.

Республикачыл- сенатор Линкольн Чэфи Aк Үйдү Палестинадагы парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу жөнүндөгү Палестин жетекчилиги менен Израилдин өтүнүчүн укпай, жаңылыштык кетирди деп сындады.
Дагы бир республикачыл- сенатор Чак Хэгл да ушуга окшош пикир айтты:

-Айым катчы, мен иш жакшы жүрүп жатканын көрбөй жатам. Менин оюмча, иш осолдоп барат. Иракта да, Иранда да иш жаман жагына айланууда деп ойлойм. Менин баамымда, ХАМАС эми жагдайды түрдүү багытта өнүктүрө баштайт.

Чак Хэгл Сенатка Небраска штатынан шайланган.

Мамкатчы Кондолиза Райс өз жообунда ХАМАСтын күтүүсүз жеңиши жоопкерчиликти АКШга эмес, согушчул топтун өзүнө жүктөй турганын, ХАМАС эми таза саясый партияга айланышы шарт экенине көңүл бурду:

- ХАМАС Израилди мамлекет катары таанышы, согушчандарды куралсыздандырышы жана зордук-зобундукту чанышы абзел. Себеби, ушундай жагдайда гана келерки Палестин өкмөтү чыныгы эл аралык колдоого ээ боло алат.

Сенатын комитетинде Ирандын ядролук чатагы жөнүндө да сөз болду. Райс айым Тегерандын ядролук программасын улантуу үчүн, “эл аралык коомчулукту ачык чануусуна” каршы Улуттар Уюму чечкиндүү чара көрүүсү маанилүү экенине токтолуп, бул экономикалык санкция болобу же башкабы, кылдат ойлонулуш керек деди. Ал эми америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү ирактыктардын өз коопсуздугун өздөрү камсыздоосуна жараша болот. Мамкатчынын айтышынча, ирактыктар ага азыр даяр эмес.

XS
SM
MD
LG