Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

ӨЗБЕК ДИССИДЕНТИ САЛИХТИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ОКУТУУ БОЮНЧА ОШ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ТАЛАШЫП-ТАРТЫШУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош мамлекеттик университетинин Өзбек гуманитардык педагогикалык факультетинде белгилүү өзбекстандык оппозиционер саясатчы, акын Мухамед Салихдин чыгармачылыгы окутула башташы мүмкүн. Бул боюнча талаш маселелер окуу жайдын илимий чөйрөсүндө кеңири талкууга алынууда. Окутуучу профессорлордун айрымдары саясий көз караштарына карабастан өзбек адабиятындагы урунттуу учур катары Салихтин чыгармачылыгы окутулушу керек десе, кээ бирөлөрү мындай көрүнүш кошуна өлкөнүн жетекчилигинин кыжырын келтириши мүмкүн деп эсептешүүдө.

Өзбек адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Мухамед Салих 1992-жылы “Эрк” деген аталыштагы саясий партияны түзүп, президенттик шайлоодо Ислам Каримовго бирден бир оппозициялык атаандаш болуп чыккан. 1999-жылы Өзбекстандын расмий бийлиги аны Ташкент шаарындагы жардырууга тиешеси бар экстремисттик уюмдар менен байланышы бар деп айыптаган. Мына ошондон бери акын Мухамед Салих саясий куугунтукта болуп, чет өлкөлөрдө жашап келет. Жакындан бери Ош мамлекеттик университетинин өзбек гуманитардык факультетинин илимий жамаатында акын Салихтин чыгармачылыгын атайын курста окутуу боюнча талаштар улантылып келет. Аталган факультеттин окутуучусу Миясар Халматова Мухамед Салихтин чыгармачылыгын окутуунун зарылчылыгы жөнүндө мына буларды билдирди:

- 20-кылымдын аягындагы өзбек адабиятын Мухамед Салихтин чыгармачылыгысыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал адамдын жазган ырларын саясий мотивдер менен Өзбекстанда окутууга катуу тыю салынган. Бирок эми биз башка өлкөдө жашап жатпайбызбы, мына ошондуктан жок эле дегенде жаңы муундун эсине салып туруу максатында атайын курста болсо да окутушубуз зарыл. Өзбекстандын президенти Каримов мырза эмне деп жиберет деп тынчсызданып, саясий кызыкчылыкты карманып жүрө берсек адабияттын бийик үлгүлөрүн жок кылып алышыбыз мүмкүн. Салихтин башкалардан айырмаланган чыгармачылыгына урмат менен мамиле кылганыбыз оң, – деди Миясар Халматова.

Анткен менен окуу жайдын жетекчилиги жана илимпоздордун айрымдары өзбек оппозиционери Мухамед Салихтин чыгармачылыгын окутууга каршы экендиктерин айтып чыгышты. Ош мамлекеттик университетинин окутуу иштери боюнча проректору Ибрагим Жунусов өзбек оппозиционери, акын Мухамед Салихтин чыгармачылыгын окутуу үчүн илимий кеңештин сунушу болушу жана ал билим берүү министрлиги тарабынан бекитилиши керек экендигин белгиледи. Анын айтымында министрлик мындай кадамга уруксат бербеши мүмкүн:

- Мухамед Салихтин өмүрү, иштери өзбек факультетинде окулуп атат дегенди укканда мен таңкалдым. Андай болушу мүмкүн эмес. Спецкурста окутулабы, кураторлук саата окутулабы бардыгынын планы бекитилет. Биздин окуу планына кирбесе кирбесин, биз баары бир окутабыз деген сөз туура эмес.

Салихтин чыгармачылыгын окутууга каршы тараптар өздөрүнүн аргументтерин коңшу өлкөнүн саясатына карата дипломатиялык эрежелерди сактоо маселеси менен байланыштырышты. Ал эми илимий жана адабий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү адабиятты саясат менен байланыштырып аны муунтуу туура эместигин тарых нечен жолу тастыктагандыгын эскертип өтүштү:

- Өзбекстандын өзүнүн калкы, Кыргызстанда жашап аткан өзбектeр да ошол кишинин чыгармачылыгына оң баа берип жүргөнүн мен угуп жүрөм. Дегеле адабиятка саясатка байланыштырып туруп тыюу салуу деген бул кечиримсиз көрүнүш. Андай көрүнүштөрдүн бардыгын эртели-кечпи аягы жакшы бүтпөй тургандыгын тарых көрсөткөн – деген оюн билдирди белгилүү адабиятчы Абдымитал Мырзахметов.

Мына ошентип Оштогу өзбек гуманитардык факультетинде акын саясатчы Мухамед Салихтин чыгармачылыгын окутуу боюнча талаштын али аягы көрүнө элек. Бирок, бул боюнча ар тараптуу талаштуу аргументтер, талдоолор жергиликтүү маалымат каражаттарында тынбай чагылдырылып жатат.
XS
SM
MD
LG