Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

АКШнын мамкатчысы ыңкылап болгон мамлекеттер жөнүндө...


Кошмо Штаттардын Мамкатчысы Кондолиза Райс бейшембиде АКШнын демократиялык миссиясы жөнүндө сүйлөдү.

- Биз Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан мамлекеттерде демократиянын өнүгүшүн колдоп жатабыз. Ушу тапта буга Орусиянын мамилеси чечүүчү мааниге ээ. Башкача айтканда, биз эркиндикке жетишип, андан ары демократияны түптөөгө аракет кылып жаткан Украина, Кыргызстан жана Грузияда демократиянын өнүгүшү үчүн колдон келишинче жардам берип жатабыз, - деди АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс.

Ал, ошондой эле, Орусияда басма сөз эркиндигине басым көрсөтүлүп жатканына камтамачылык билдирди. Андан сырткары: “Орусия өзүнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн айрым постсоветтик мамлекеттерге басым көрсөтүүнүн куралы катары колдонот”, - деди Райс.

XS
SM
MD
LG