Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

БАЗАРКОРГОНДО ТЕКЕБАЕВДИ КОЛДОГОН МИТИНГ ӨТТҮ


Базаркоргон районунда өткөн митингде «Ата Мекен» партиясынын облустагы бөлүмү парламент төрагасынын башчысы Өмүрбек Текебаевди бир жактуу каралоолорду токтотууну, президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковдун, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Т.Айтбаевдин, башкы прокурор К.Конгантиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

«Ата мекен» партиясынын өкүлдөрү Ө.Текебаевди колдогон жана президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков менен район акими Айтмамат Осмоновдун отставкасын талап кылган плакаттарды кармап турушту. Уюмдун облустагы жетекчиси Эргеш Садиров мамлекеттик маалымат каражаттарында Текебаев жөнүндө бир жактуу маалымат кетип жатканын сындады:

- Жогорку Кеңештин спикери Текебаев Өмүрбек Чиркешович отставкага кетип жатат. Эмне үчүн анын он үчүндө жасаган докладын Кыргыз, Жалалабат, РТР каналарынан бербейт, эл менен тааныштырбайт, эмне үчүн катуу сөздөргө барып атат.

Митингде чыгып сүйлөгөндөр өлкөдө жалданма киши өлтүрүү, жумушсуздук, коррупция тыйылбай, паспорт маселеси чечилбей, эл турмушу оңолбой жатканын белгилешти. Сеит Кадырбековдун пикиринде Текебаевге каршы бир апта уланган пикетти жергиликтүү бийлик уюштурган.

- 70 район, шаардын акими, мэрия башчыларын шайлаганда бир жерден уктуңарбы, кембагал, өзү абдан билимдүү кыргыздын жигитин шайлаганын. Жок. Төрт машинеси, алты тамы, эки колуктусусу бар, бай кишилер аким болуп атышат. Бул жерге келүү үчүн кимиңерге акча берди. Жөн гана урматтуу шайлоочулар келип кеткиле деди, өз каражатыңар менен келип отурасыздар.

Шарипа Азаматованын оюнда жыйындарда орусча сүйлөгөн президент сөз көтөрүмдүү болгону оң:

- Акүйдүн астында күйгөнүнөн атылып кетесиң деп айткан болчу Акаевге, а Бакиев эмне бир ооз сөз сүйлөп койсо эле ошого чычалап кетти. Бул аял киши деле чычалабай турган сөз, президент чычалайбы? Мунусун биз туура эмес деп кабыл алдык. Парламентке барып алып, аларды кандай кылды, илгерки союз учурундагыдай кылып колун шилтеп сүйлөдү. Биз түшүнгөн жокбуз, Бакиев орусча сүйлөдү, дайыма орусча сүйлөйт, теледен көрүп турабыз.

Митинг республиканын элине жана Жогорку Кеңешке Ө.Текебаевди каралаган акцияларды токтотуу, президенттик администрациянын, башкы прокуратура жана коопсуздук кызмат жетекчилеринин отставкага кетүүсүн талап кылган кайрылуу кабыл алды.

Ыңкылапты коргоо комитетинин райондогу башчысы Акмат Маматов парламентке нааразылыгын айтып, «Ата Мекенчилердин» пикирин четке какты:

- Чындыгында учурда парламенттин 70 пайызы коррупцияланган. Алар өзүлөрү кетебиз деп атышат. Андан башка айласы жок. Өмүрбек Чиркешович жаман кызмат кылган жок, он жыл жакшы жүрдү. Акыркы беш жылдыкка келгенде элин да, башкасын да унутту.

Акимдин 1-орунбасары Авазбек Палванов митингчилердин акимди отставкага кетирүү талабын коюуга эч кандай негиз жок экенин билдирди.

- Акимди эмне себептен, кандай максатта кетсин деп талап кылышат билбейм. Аким өз деңгээлинде эл үчүн күйүп-бышып иштеп атат азыркы күндө. Мен акимди 100 пайыз колдойм. Чынын айтыш керек элди стабилдүүлүккө чакыруу, элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча чоң иштерди аткарып атат. Мен ошол жагын колдойм,- деди Авазбек Палванов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG