Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

ГАНСИ АВИАБАЗАСЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ИЖАРА АКЫСЫНА ЖАРАША БОЛОТ


Үстүбүздөгү аптада Кыргызстандагы чет элдик аскерий базалардын келечеги айкын болду. Россиянын аскерий жетекчилери Канттагы россиялык база “ар качан болорун” билдирди. Президент Бакиев Россиянын “Коммерсант” гезитине берген интервьюда, Ооган жеринде тынчтык орнотулмайынча, АКШ башындагы көп улуттуу күчтөр “Манас” аба майданында кала беришээрин айтты. Бирок, ижара акысына азыркыдан 100 эсе көп акча төлөшү шарт.

16-февралда Кыргыз жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Россиянын Коопсуздук Кеңешинин орун басар катчысы Юрий Зубков Канттагы аскерий базанын келечеги жөнүндө мындай билдирүү жасады:

-Бүгүн Кант (аба базасы) жөнүндөгү келишимди Россия парламенти бекиткен соң Россиянын коргоо министрлиги аба базасын өнүктүрүү боюнча мерчем кылынган иштерге киришти.

Россиянын аба күчтөрүнүн командачысы, генерал Михайловдун ушул эле күнү маалымдашынча, Канттагы аскерлердин саны дагы көбөйтүлүп, 750гө жеткирилет. Жаңы аскерий-техникалык жабдуулар орнотулат. Ушу азыр Кантта 300 чамалуу аскер.
Өлкө борбору Бишкектин чыгыш ныптасындагы Кант авиабазасы Россияны эмнеге кызыктырат?

- Россиялык аскерлер жана Россия өкмөтү үчүн базанын мааниси өтө зор: ал Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Борбор Азияга таасир этүүсү үчүн негизги база катары кызмат кылат. Россия ушу максаты жана Борбор Азияда аскерий блокту түзүүнү көздөп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмун негиздеди. Канттагы база Россияга Борбор Азияда жана аны тегерете жерде жана абада аскер кармоо аракетинин маанилүү бир бөлүгү саналат,-деди профессор Стефен Блэнк.

Стефан Блэнк - АКШнын Аскерий-согуштук коллежинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун коопсуздук маселеси боюнча эксперти.

Үстүбүздөгү аптада президент Бакиев «Манас» аба майданында жайгашкан Ганси аскерий базасынын болочогун аныктоочу кеп айтты. Курманбек Бакиев Россиянын «Коммерсант» гезитине айтышынча, Кыргыз өкмөтү эл аралык «Манас» аэропортун пайдаланып жатканы үчүн АКШ азыркы 2 миллион доллардын ордуна 207 миллион доллар төлөөсүн каалайт.

Аскерий базанын ижара акысын көбөйтүү жөнүндө биринчи ирет айтылып жаткан жок. Бул маселени президент Бакиев былтыр декабрда да козгогон.

Алекс Ватанка Лондондо жайгашкан “Jane's Country Risk” басылмасынын редактору. Анын айтымында, Кыргыз жетекчилиги коалициялык күчтөрдү өлкөдөн кетирүү үчүн ижара баасы тууралуу маселе көтөрүп жаткан болушу ыктымал:

-Ижара акысы америкалыктардын Гансиде туруусун татаалдантыш үчүн козголуп жаткан жокпу? Мен маселенин ушул жагына астейдил карамакмын. Бул: “Биз базанын нукура баасы мынча турат”,- деп айтканга чейин алда кайда мурда жасалып жаткан биринчи кадам сыяктанат. Андан соң: “Биз аскерлердин кыймылына жана операция жүргүзүүнүн шартына чек койгону жатабыз”,- деп чыгышат. Иш жүзүндө, өзбектерчесинен америкалыктарды чыгып кеткиле дебейт. Бирок, америкалыктардын Гансиде болушун татаалдантып, аларды чыгып кетүүгө аргасыз кылат. Биз маселенин ушул жагына көңүл бурушубуз керек деп ойлойм.

АКШ азырынча президент Курманбек Бакиевдин америкалык базанын ижара акысын көтөрүү боюнча айткан сөзүнө байланыштуу атайын билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG