Президент Курманбек Бакиев парламент төрагалыгынан бирөөнүн кетип, экинчисинин келишинен трагедия жасоонун кереги жок деп билдирди. Талдоочулардын пикиринде, премьер-министр Феликс Кулов деле ошондой позицияда турду.
Ошентсе да Текебаевдин кызматтан кетип жатышы менен өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөрү баарыга маалым. Эсеби маселен, ким спикер болот – ошого жараша парламенттин да «кабак, кашы» өзгөрөрү бышык дешет саясатчылар.
Ушул тапта эки депутаттын аты төрагалыкка талапкер катары көбүрөөк аталып жатат. Алар: Кубатбек Байболов жана Марат Султанов.
Ошентип, Марат Султановдун төрага болуп калууга канчалык шансы бар? Жана анын төрага болушуна кимдер, анын ичинде Ак үй кызыкдарбы? Мына ушул суроолор менен биз Саясат таануу илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиевге кайрылдык:
- Эми, Марат Султанов Аскар Акаевдин жакшы тарбиясын көрүп, чоңойгон бала, мындайча айтканда. Ошол кездеги финансы жагынан, финансылык саясаты боюнча ага бир аз суроолор бар.
Марат Султанов Аскар Акаевдин тушунда каржы министри, улуттук банктын төрагасы болуп иштеген. Дал ошол улуттук банкта төрага болуп турганда экс-президент Акаевдин Марат Султановду «Кыргызгазмунайзаттын» директорлор кеңешинин төрагасына дайындоо тууралуу жарлыгы чыккан. Ошондон улам Султановду «Кыргызгазмунайзаттын» мурдагы директору Шалхар Жайсаңбаев аркылуу туура эмес пайдаланылган 18 миллион долларга катышы бар деген пикирлер айтылып келатат. Марат Султановдун өзү болсо «Азаттык» менен КТРдин «Ыңгайсыз суроолоруна» берген жообунда жоголгон миллиондорго дегеле тиешем жок деген болчу:
- Чындыгында эле ошол кезде жарлык чыккан (мени кызматка дайындоо жөнүндө). Бирок ал жарлык ошол кезде иштеп жаткан мыйзамдарга каршы келгендиктен мен ал жарлыкты аткарган эмесмин. Ушуга чейин канча иликтөө жүрбөдү, бир да бирөө бир дагы жарлыкты таба албады. Биздин ошого тиешелүү экендигибизди эч ким далилдей албады, бирок ушактар жүрө берет экен.
Саясат таануу илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиевдин пикири боюнча Марат Султанов Кубатбек Байболовго караганда Ак үйгө ыңгайлуураак саясий фигура. Ага Марат Султановдун буга чейинки жасаган иштери жана позициясы айкын күбө:
- Марат Султанов, албетте, президенттик администрацияга ыңгайлуураак талапкер десек болот. Көбүрөөк борборчул позицияда турат. Азыркы бийликке оппозициялык кадамдары деле байкалбайт. Ошон үчүн бул бийликтин оюнан алып караганда Султанов аларды көбүрөөк канаттандыра турган саясий фигура. Себеби Султанов оппозицияга чыккан күндө деле анын артынан ээрчип кете турган күчтөр деле жок.
Журналист Жаныбек Жанызактын ою боюнча, Марат Султановго бир аз салабаттуулук жетишпей жаткансыйт:
- Марат Султанов мага ушул кезге чейин дайыма жеңилирээктей, турмушка, кээ бир учурда мыйзамдарга деле жеңил мамиле кылгандай сезилип келет. Анын үстүнө мыйзам чыгаруучу Жогорку Кеңештин төрагалыгына ага бир аз салабаттуулук жетишпегендей сезилип турат.
Эгерде Марат Султанов спикер болуп калса анда депутат Кубатбек Байболов баштаган оппозициялык маанайдагы саясий агым мындан дагы күчөшү ыктымалбы? Себеп дегенде эми Байболов, Сариев, Бекназаров, Эшимканов сыяктуу бийликти сынга алып келаткан депутаттардын катарына төрагалык кызматын ыза менен тапшырып берип отурган Өмүрбек Текебаев кошулуп отурбайбы? Мына ушул суроолор менен биз саясат таануучу Орозбек Молдалиевге кайрылдык. Анын пикиринде, Байболовду радикалист катары баалаган дагы туура болбойт:
- Байболовдун Конституцияга өзгөртүү киргизелик, конституциялык реформа жүргүзөлүк дегенин кээ бирөөлөр туура эмес түшүнүп, радикалдык оппозиция деп, туура эмес түшүнүп жаткандар болуп атат. Албетте, оппозициялык багытта болуп атат, бийликке азыр реформа жүргүзбөй жатканы үчүн, конституциялык реформа жасабай жатканы үчүн көп сын-пикирлерди айтып жатат. Бирок парламенттин башына Байболов келип калса эле ал радикалдык кадамдарды жасап жиберет деп андан күткөн болбойт. Себеп дегенде позициясын айтып, сындаган деген бир бөлөк нерсе, экинчиден, 75 депутатты бир жакты көздөй баштап, алып кетет деген башка нерсе. Коркпош керек…
Байболов менен Султанов тийиштүү добуш топтой албай жыдып калса, алардан кийин өз талапкерлигин коё турган Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Мелис Эшимканов бар. Мындан тышкары негедир көмүскөдө, унутта калгансыган бир саясий фигура - Азимбек Бекназаров. Биз эксперт катары кепке тарткан Орозбек Молдалиев дагы, Жаныбек Жанызак дагы Бекназаровго Ак үй төрагалык кызматты дегеле ыраа көрбөйт деген пикирди айтышты.
Ал эми парламент төрагасына кимдин келишине бийлик чындыгында эле кызыкдарбы? Орозбек Молдалиевдин кийинки пикири ушул туурасында:
- Бул жерде Ак үй мындан четте калып калат деген таптакыр туура эмес, Ак үй бул жактан туруп аракет кылат. Президенттик-парламенттик башкаруу болгондо дайыма ушундай болот – бийлик Жогорку Кеңешти «чөнтөк парламент» кылууга дайыма умтулат.
Төрага баарыдан мурда саясий фигура, дешет талдоочулар, ошондуктан 20-февралда Жогорку Кеңеш жалпы Кыргызстандын көңүл борборунда болмокчу.