Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

ПАЛЕСТИНА «ХАМАСТЫН» АЙЫНАН ФИНАНСЫЛЫК КРИЗИСКЕ ТУШУКТУ


Израил өкмөтү палестиндерге ай сайын бажы жана башка төлөмдөрдөн тийип турчу 50 млн. долларды которууну токтотту. АКШ да Палестин автономиясына мурдараак берилген 50 млн. долларлык жардамды кайтарып берүүнү талап кылды. Андан улам Палестинанын лидери Махмуд Аббас автономия финансылык кризиске туш болгонун билдирди.

Израилдин чечими Палестин автономиясы акырындап радикал “Хамас” уюмунун колуна өтүп баратканына жооп иретинде кабыл алынды. Хамасчылар 25-январдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуштарга ээ болушкан, эмки айдын башында кыймыл жаңы палестин өкмөтүн түзүүгө киришет деп күтүлүүдө.

Тель-Авивдин жекшембидеги чечими – палестиндер эми буга чейин Израил өзү тараптан ай сайын чогултуп жөнөтүп турчу 50 млн. долларлык салык жана бажы төлөмдөрүнөн куру калат дегенди түшүндүрөт. Дал ушул акчадан палестин бийликтери 140 миңдей кишиге маяна төлөп келген экен. Бирок Израилдин чечими күтүүсүз деле болгон жок, Палестинадагы шайлоодо “Хамас” уюму жеңгенден бери Тель-Авив хамасчылар Израил мамлекетин таанымайынча, аны менен кызматташпоого үндөп келатат. Израилдин өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Эхуд Ольмерт “Хамас” башкарган Палестина – террорчул аймакка айланат деп эскертти:

- Менин террорчулукту каржылай турган корлорго акча которуу ниетим жок. Биз Израил мамлекетине зыян келтирип, кишилерди өлтүрүүгө адистешкен топторго акча которбойбуз.

“Хамас” уюму азырынча Израилдин соңку кадамдарына кандай мамиледе экенин билдире элек. Бирок “Хамастын” Газадагы жетекчиси Махмуд Захар ишембиде уюм башында тандаган багытынан кайтпайт деп белгиледи.

- Биз сүйлөшүү жолун жалгыз багыт деген ойдон алыспыз. Ошондой эле Израилди мыйзамдуу мамлекет катары жана өзүбүздүн өнөктөш катары кабыл алган жерибиз жок.

Согушчул “Хамас” уюму 2000-жылдан бери Израилге каршы уюшулган 2000дей козголоңдун артында турат деп эсептелинет. Анткен менен, айрым серепчилер хамасчылар саясий иштерге аралашса, мурдагыдан сабырдуураак позицияга өтүшү мүмкүн деген пикирде. Дубаилик аналитик Мустафа Алани ушундай көз карашта.

- Палестинадагы шайлоо жасалмаланган жок, ал адилеттүү өттү, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бул палестин элинин эрки.

Ал тапта Израилдик аскерий учак эки элдин ортосундагы чек арага бомба коюп жатат деп шектенип, эки палестинди атып өлтүрдү. “Хамастын” лидери Халед Мешаал жекшембиде Тегеранга барып, Ирандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзө баштады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG