Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

ТЕКЕБАЕВ КЫЗМАТТАН ЧЕГИНЕРИН ПАРЛАМЕНТТЕ КАЙТАЛАП ЖАР САЛДЫ


Бурул Сарыгулова, Бишкек. Өмүрбек Текебаев бүгүн 20-февралда парламент жыйынында чыгып сүйлөп, төрагалык кызматтан кетүү жөнүндө чечимин жарыя кылды. Ал сөзүндө улуу- кичүү саясатчылар баары тең сөздүн баркын билсин үчүн ушундай кадамга барып жатканын айта кетти.Президентке карата айткан сөзүндө мазмуну жагынан эмес формасы жагынан ката кетиргенин баса белгиледи. Текебаев, мурда белгилүү болгондой, анын төрагалык кызматтан кетишин Президент менен премьер-министр каалап жатканын билдирди.

Парламентте Мелис Эшимканов баш болгон топ депутаттарды Текебаевдин кызматтан кетишине каршы добуш берүүгө үндөп жатышат. Алар эгер добуш берүү сактап калбаса, анда Текебаевге коопсуздугун сактоо үчүн бери дегенде төрт жылга мамлекет эсебинен сакчыларды бөлүп берүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Текебаев кызматтан чегинери жөнүндө чечимин парламентке ушуну менен экинчи жолу билдирип отурат. Буга чейин биринчи билдирүүсүн депутаттар карабай коюшкан.

Азыркы учурда парламент Текебаевдин төрага кызматынан кетүү жөнүндө арызын талкуулоого киришти. Депутаттар бул маселе боюнча бүгүн эле бир чечимге келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG