Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

ГРИНЛАНДИЯНЫН МУЗДАРЫ БОЛЖОГОНДОН ТЕЗ ЭРИП ЖАТАТ


"Science" же "Жаратылыш" журналында жарыяланган жаңы изилдөөгө ылайык, океандардын деңгээли мурдатан болжогондон тезирээк көтөрүлүп жатат. Анын ичинде окумуштуулар Гринландиянын муздары канчалык тез эрип жаткандыгын эсептеп чыгышкан. Эгер азыркы абал сакталып кала берсе, жээктердеги жашоого, анын ичинде өсүмдүктөрдүн жана жаныбаларлардын жашоосуна коркунуч келип, Европада күн катуу сууктап кетиши мүмкүн.

Аалымдар Гринландиянын муз кабына жакындан көз салып келишкен, себеби ал абанын ысышына же муздашына жараша тез өзгөрүп турат. Ричард Аллей АКШнын Пенсилвания университетинде Гринландиянын климатын изилдейт. Анын айтымында, Калифорниядагы Жет Пропалшн лабораториясы менен Канзас университетинин жаңы изилдөөсү Гринландияда муз мындан 20 жыл мурдагыдан эки эсе тез эрип жаткандыгын айгинеледи:

- Якобс Хавн Гринландиянын батыш тарабында терең булуңда заңкайып турган кооз мөңгү. 1980-жылдары ал Жер шарындагы эң тез жылган мөңгү болчу. Ошондон бери анын ылдамдыгы дээрлик эки эсеге өсүптүр.

Гринландиянын чыгыш тарабындагы мөңгүнүн ылдамдыгы да тездептир. Мөңгүлөр сууга чөмүп эриген сайын, суунун деңгээли да көтөрүлүп, бүт дүйнөдө суу жээгиндеги жашоо ыргагына таасирин тийгизмекчи. Бул тууралуу АКШнын космос агенттиги НАСАнын Космосту изилдеген Годдард институнун адиси Гавин Шмидттин пикири мындай:

- Гринландия боюнча тынчсызданганыбыздын себеби, акыркы жолу биздин планета жакын арада жылый турганчалык мындан 125 миң жыл мурда ысыган. Ал кезде Гринландия азыркыдан үчтөн экисине кичине, деңиздин деңгээли 3-5 метр бийик эле. Азыр Гринландиянын жээгинде чоң шаарлар, башка инфраструктура бар экендигин эске алганда адамдын жашоосуна болуп көрбөгөндөй коркунуч келет.

Абанын ысышынан климат канчалык өзгөрөөрү анча маалым эмес. Мөңгүлөр эрип, муз катмары азайганда, алардан эриген таза суу окенга кошулуп, окенадын суларынын туздуулугу төмөндөйт. Ал эми таза суу кышында оңой тоңот. Учурда Түндүк Атлантика тоңбойт. Окумуштуунун айтымында, Гринландиянын жана башка аймактардын музу эригенде, океандын суусунун туздуулугу кескин өзгөрбөйт. Бирок, деңиз деңгээли мурда болжолдонгондон тезирээк көтөрүлөөрү анык болууда.

Гринландияда кургак жер кичирейип баратканы менен, планетанын абасы ысыган жок деп эсептегендерди ынандыруу үчүн аргумент жетишсиз. Бирок Шмиддтин пикиринде кийинки табылгаларды чогуусу менен карап көрсөк, биз бараткан жол туура эмес экендигин айгинелеген фактылар жетиштүү.

Окумуштуулар негизи айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн алдын алып болжолдоодо адам баласынын жүрүм-туруму алдын-ала болжолдоо баарынан кыйын экендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG