Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТӨРАГАСЫНЫН ТИЗГИНИ ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН КОЛУНДА КАЛДЫ


Жогорку Кеңеш дүйшөмбү күнү жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Өмүрбек Текебаевди төрага кызматында калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Текебаевдин төрагалыктан кетиши үчүн 34 депутат добуш берди. Регламент боюнча арызды канагаттандырууга 38 добуш талап кылынат. Ошентип, төраганын кызматтан кетишине төрт добуш жетпей калды.

Отурумдун башында алды менен төрага Өмүрбек Текебаев өткөн дүйшөмбү күнү өзүнүн кызматтан кетишине байланыштуу тараткан докладын кыргыз тилинде окуп берди. Докладында Текебаев кызматтан кетиши аркылуу сөз үчүн ар бир жаран жооп берүүгө милдеттүү экендигин мамлекеттик ишмерлерге үлгү катары көрсөтүү максаты барын билдирди. Ал эми президенттин дарегине айткан сөзүндө мазмуну жактан катачылык жок деп, одонолукту формасына байлады:

- Мен өзүмдүн кетишим менен бүгүнкү жетекчилердин моралдык мунжулугун белгилегим келет. Анткени, алар парламент, эл алдында берген убадаларын унутуп, аткарбай келатышат. Бул мамлекет үчүн өтө зыян адат.

Текебаевдин сөзүнөн кийин башталган талкуу дээрлик эки көз карашты аныктады. Депутаттардын бир тобу төраганын кетишин жактап, экинчиси каршы болушту. Маселен, арызды колдогон депутаттардын бири Камчыбек Ташиев бул кадамды тарыхый учур катары баалады:

- Өмүрбек Чиркешович Текебаевди кет деп бирөө суранган жок. Туура, урматтуу депутаттар, мен бир аз катачылык кетирип койдум окшойт, ошон үчүн арыз жаздым деп, биздин алдыбызга келип айтып атат. Бул мамлекеттик чоң кызматтагы адам үчүн чоң эрдик. Мындай болгон эмес. Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер ушундан үлгү алышы керек.

Текебаевдин кызматтан кетишине каршы болгон тарап төраганы анын март айына белгиленген отчетун угуп туруп, ошонун негизинде чечүүнү сунуштады. Муну депутат Сариев минтип негиздеди:

- Эгер Текебаевдин отставкасын азыр алсак бир тенденция кетет, ал кайда алпарарын билбейбиз. Албай койсок, дагы бир тенденция кетет, кандай болорун дагы билбейбиз.

Мындай көз караштагы депутаттардын башын кошкон «Жибек жолу» депутаттык тобунун пикирин анын төрагасы Эркин Байсалов талкуунун акырында расмий жарыялады.

Бир кыйла талаш-тартыштан кийин депутаттар Текебаевдин кызматтан кетишин жашыруун добуш менен чечмей болушту. Текебаевдин кызматтан кетишин каалаган тараптагылар ачык добуш берүүнү жакташты. Ошондуктан, отурумду башкарган төрага орун басары Болот Шерниязовдун позициясын кескин сынга алышып, бул маселе боюнча кайра добуш берүүнү талап кылышты. Бул президентти жана спикерди жактаган тараптардын кер-мур айтышуусун күчөттү. Маселен, жаңы эле чет өлкөгө сапардан чукул кайтып келгендиги кабарланган депутат Алишер Сабиров муну атайын даярдалган иш чара деп баалады:

- Бул - бүгүнкү добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу үчүн атайын даярдалган иш чара. Бул жеке эле биз отурган жерде байкалган жери жок. Ошондуктан, Өмүрбек Чиркешович билсин да, ким анын отставкасына каршы, ким колдоп жатат.

Текебаев өзү болсо парламент кетирсе кетерин, калтырса иштерин билдирип, бирок, жабык добуш берүүнү жактады:

- Ачык дегендин артында эмне барын, ким эмне үчүн антип атканын билдик. Эсеп-кысап бар. Мен калып калайын деп, жабык деген жокмун. Демократиянын, парламенттүүлүктүн, депутаттардын өз ыктыяры менен, чын дили менен добуш беришин каалап атам.

Кырдаал оор деп эсептеген Болот Шерниязов кайра добуш берүү сунушун көпчүлүккө кайра салган жок. Ошентип, маселе жабык добуш берүү аркылуу чечилди.
Добуш берүүгө катышкан 62 депутаттын 34 төраганын кетишин, 26 калышын жакташты. Калган бюллетендер жараксыз деп табылды. Регламент жөнүндөгү мыйзамга ылайык төрага парламенттин үчтөн эки бөлүгү добуш бергенде гана кетмек. Ага төрт добуш жетпей калды.

Ушул чечимдин негизинде кайрадан төрагалык ордуна отурган Текебаев парламенттин эркине баш ийерин билдирип, бирок, 34 депутаттын анын отставкасын жактап добуш беришин катуу эскертүү катары белгиледи.

Анткен менен, 34 депутаттын Акматбек Келдибеков, Айдарбек Керимкулов өңдүү өкүлдөрү дароо эле арызы өтпөй калган Текебаев эми өз убадасына туруп, «Эмгек кодексинин» чегинде кызматынан кетерине ишенимин билдиришти. Өзүнүн отставкасына байланыштуу мындай пикирин Текебаев өткөн аптада айтканы бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG