Москвадагы сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүп жатат.
Эртең менен орус тышкы мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров өкмөттүн жыйынында талкууларга анча оптимисттик көз карашта эместигин жашырган жок:
Чынын айтсам, бул талкуулардан биз көп нерсени деле күткөн жокбуз. Бирок кырдаалдын начарлап кетпеши үчүн, маселенин жөндөлүшү үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.
Москванын сунушуна ылайык, Ирандын ишканалары керектөөчү уранды байытуу үчүн биргелешкен компания түзүлмөкчү. Ага башка өлкөлөр да кириши мүмкүн. План боюнча тынчтык максаттарында колдонулчу өзөктүк отун Иранга жеткирилип, калдыктары кайра Россияга алынып келип турмакчы.
Орустардын сунушуна Тегеран карама-каршы реакциясын билдирип келди. Мындан улам айрым байкоочулар санкциялар коркунучуна кабылган Иран убакытты создуктуруунун амалын издөөдө деп ырасташат.
АКШ жана Европа биримдиги Москванын демилгесине колдоосун билдирип, анын жардамы менен туңгуюктан чыгууга үмүттөнүшүүдө.
Дүйшөмбүдө Брюсселде сапар менен жүргөн Ирандын тышкы иштер министри Манухер Моттаки Европаны кеңири диалогго барууга даяр экендигин көргөзүүгө үндөдү:
Ортодогу ишеним маанайын түзүү – эки тараптын тең иш-аракеттерине багыңкы. Европа менен мамиле курууда биз дайыма ак ниет болуп, эч качан милдеттенмелерибизди бузган эмеспиз. Бирок каршы тараптан ушундай эле мамиле көргөн жокпуз.
“Азаттыктын” аналитиги Виктор Ясман Бушер атомдук станциясын курууга жардамдашып жаткан Москва Иран менен Батыштын мындан аркы тирешүүсүнө чекит коюууга кызыкдар деген пикирде:
Иран Россиянын Каспий аймагындагы эң ири коңшусу. Мындай геосаясий кырдаал, албетте, өзгөртүлө албайт. Андыктан региондогу стабилдүүлүктү сактап калуу Россиянын кызыкчылыгына төп келет.
Россиянын Илимдер Академиясынын Эларалык мамилелер жана дүйнөлүк экономика институтунун бөлүм жетекчиси Александр Пикаев Москванын сунушунан Тегеран да бир топ утушу мүмкүн деп эсептейт:
Бул долбоор Иранга өзөктүк отун иштеп чыгууга жумшалчу каражат үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Россиянын фирмаларын пайдалануу Иран үчүн экономикалык жактан кирешелүү болот
Кээ бир кабарларга караганда Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик Тегеранга чектелген өлчөмдөгү уранды байытуу иштерин жүргүзүүгө уруксат бериш керек деген бүтүмгө келиши ыктымал.
16-февралда Россиянын Мамлекеттик Думасынын тышкы маселелер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев Ирандын Москвадагы элчиси Гулямреза Ансари менен жолугушуусун комментариялап, Тегеран кырдаалдын олуттуулугун түшүнөт жана компромисс табуу үчүн диалогду улантууга даяр деп билдирди.