Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

“Хамастын” өкүлү Исмаил Ханияга жаңы өкмөт түзүү сунушталат


Урушчул “Хамас” уюму Исмаил Ханияны Палестинанын премьер-министрлигине көргөздү. Палестин лидери Махмуд Аббас бүгүн Ханияга жаңы өкмөттү түзүүгө киришүүнү сунуш кылат деп күтүлүүдө. Хамасчылар коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө айрым согушчан кыймылдар менен сүйлөшүүлөр баштады, “Исламий жихад” Израилге каршы күрөшүн токтотпой турганын билдирип, бул сунуштан баш тартты. АКШ жана Европа Биримдиги “Хамасты” террорчул уюм деп эсептейт жана уюм Израил мамлекетин тааный турганын жарыялап, куралдуу кол салууларды токтотконун жарыялашы керек деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG