Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

ПАЛЕСТИНАНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫГЫНА ИСМАИЛ ХАНИЯ КЕЛДИ


Палестинада, жаңы өкмөттү жакындагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Хамас уюмунун Газа секторундагы лидери Исмаил Хания жетектей турган болду. Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас шейшембиде аны расмий түрдө премьер- министрликке дайындап, өкмөттү курууну тапшырды. Көпчүлүк палестиндер улуттук биримдиктин үнү болот деп үмүттөнгөн Исмаил Хания деген ким өзү?.

43 жаштагы Исмаил Хания жубайы жана 11 баласы менен бирге Газа секторундагы качкындар лагеринде жашап келүүдө. Бала кезинде Улуттар уюмунун качкындар үчүн мектебинен билим алган. Адистиги боюнча араб тилчи. Оболу ал студенттик активист ирээтинде таанылып, кийинчерээк Хамастын негиздөөчүсү, 2004-жылы Израилдин ракеталык чабуулунан мерт болгон Шейх Ахмед Яссиндин жакын жардамчысына айланган.

1992-жылы Израил Ханияны Хамастын башка 400дөн ашуун активисти менен бирге Ливандын түштүгүнө сүрүп чыгарган болчу. Сүргүндөн бир жылдан соң кайтып келип, Газадагы Ислам университетинин декандык кызматында иштеген. Израилдик саясий аналитик, Хайфа шаарындагы жөөт- араб бейөкмөт уюмунун башчысы Эмир Маху:

-Адам катары ал өтө популярдуу. Качкындардын өкүлү. Чынында төмөнкү катмардагы чөйрөдөн чыккан.

Израилдик аналитик кошумчалагандай, Ханиянын эл арасындагы беделинин өсүшүндө анын качкындар лагеринде жашаганын да салымы бар:

-Ал жана бүткүл үй-бүлөсү Газадагы лагерде турат. Бул жер дүйнөдө адамдар эң жыш жашаган аймак болсо керек. Адамдар чынында өтө оор шарттарда өмүр сүрүүдө. Салтка айлангандай, палестиндердин үй-бүлөлөрү да чоң. Качкындар лагерлери азыр да палестиндер үчүн символикалык мааниге ээ.

Соңку жылдары жанкечтилердин чабуулдары учурунда жүздөгөн израилдиктердин өмүрүн кыйгандан кийин Хамас жакында багытын өзгөрткөндөй болду. Израил менен бир жыл боюу элдешүү жараянын сактады. Эгер Израил былтыр Газа секторун таштагандай болуп, эми Иордандын Батыш жээгинен чыгып кетсе узакка элдешүү мүмкүнчүлүгүн да карап көрөрүн айткан жери бар. Израилдик саясий аналитик Иосси Мекелбергдин айтымында, Исмаил Хания Хамастын саясий максатка зордук-зомбулуксуз ыкмалар менен жетүүгө болот деген өкүлдөрүнүн бири:


-Бир аз прагматизмдин көрүнүштөрү бар. Алар уюмдун 1988-жылкы уставында көргөзүлгөндөй, Израилди жер бетинен жексен кылуу жөнүндө айтпай, узак мөөнөткө элдешүү жөнүндө сөз кылып, ошол уставдан кичине прагматикалык нукка бурулгандай болушту. Бул өзгөрүү жетишсиз, бирок жок дегенде Хамастын ичинде бийликте бир аз башка багытты кармануу керектигин түшүнгөндөр бар экенин көргөзүүдө.

Айтор өткөн айдагы парламенттик шайлоодогу жеңиштен соң Хамас менен Исмаил Ханиянын алдында турган чоң милдет - согушчан тайпалары ич ара араздашкан автономияны кантип башкарып кетүү маселеси. Хания азыр коалициялык кеңири өкмөт түзүү максатында башка партиялар менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Мурда бийликте турган Фатх кыймылы өкмөт курамына кирүүгө көндү, ал эми Исламчыл Жихад уюму мындай сунушту четке каккан.

Ал эми Хамасты террорчул уюм катары эсептеген Израил ал башкарган өкмөт менен мамиле түзбөсүн билдирип келүүдө. Жөөт өкмөтү өткөн жекшемби күнү бир катар экономикалык чараларды жактырып, анын ичинде Палестин автономиясы үчүн чогултулуп келген салык жана баажы төлөмдөрүн мындан ары которбоо чечимине келди. Бул палестин бюджети айына 50 миллион доллар албайт дегенди билдирет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG